АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын төрт компанисына санкция салды. Вашингтондун пикиринде, бул компаниялардын Орусияга санкциялык товарлардын жеткирилүүсүнө тиешеси бар. Чектөөчү чаралар киргизилгенин АКШ 20-июль күнү кечинде билдирди.
Cанкциялар RM Design and Development, «ГТМЕ Технологиялар», «Прогресс лидер» жана «Карголайн» компанияларына салынды. Төрт компания тең Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабда кол салып баштагандан кийин түзүлгөн.
«Украинага толук масштабдуу кол салуу башталгандан тартып Кыргызстанда жайгашкан компаниялар көзөмөлдөөчү электрондук компоненттерди жана башка технологияларды Орусияга байма-бай экспорттоп турган. Бул жеткирүүлөрдүн катарына кийин Орусиянын коргонуу тармагындагы ишканалары үчүн кош багыттагы сезимтал товарлар да кошула баштаган», — деп билдирди АКШнын Финансы министрлиги.
Ушуну менен АКШ жалпы-жонунан беш кыргыз компаниясына санкция салды. Жогоруда аталган төрт компаниядан тышкары АКШнын Финансы министрлигинин кара тизмесинде Tro.Ya компаниясы бар. Бул компания Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарына колдоо көрсөткөнү үчүн санкцияга кабылган.
Бул компаниялар тууралуу эмне белгилүү?
Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, RM Design and Development электрондук жана телекоммуникациялык жабдуулардын компоненттерин дүң сатуу менен, «ГТМЕ Технологиялар» — компьютер жана перифериялык жабдыктарды өндүрүү менен, «Прогресс лидер» адистешпеген дүң соода менен, ал эми «Карголайн» аба транспорту аркылуу жүк ташуу менен алектенет.
АКШнын Финансы министрлиги RM Design and Development негизделгенден тартып Орусияга, анын ичнде Орусиянын коргонуу тармагына электроникаларды жеткирип туган ишканаларга кош багыттагы товарларды ативдүү жеткирип турганын билдирүүдө. Бул компания, АКШнын каржы мекемесинин айтымында, Орусияга товарлардын жүздөгөн партиясын жөнөткөн, алардын ичинде электрондук интегралдык схемалар жана конденсаторлор болгон.
АКШ бийлигинин маалыматы боюнча, «Прогресс лидердин» башчысы жана негиздөөчүсү Татьяна Иванова Орусиянын жараны. Ал Орусиядагы электрондук жана оптикалык жабдууларды, ошондой эле компьютер жана коштоочу техникаларды сатып иштеген «Сиайси» ЖЧКсынын ээси жана башкы директору болгон. Былтыр март айында Иванова «Сиайсинин» дарегине көптөгөн товарларды ташып барган «Прогресс Лидер» ЖЧКсын негиздеген.
АКШнын Финансы министрлиги «ГТМЕ Технологиялар» Орусияга ондогон, анын ичинде тантал конденсаторлору жана электрондук интегралдык схемалар сыяктуу FinCEN-BIS’тин кошумча эскертүүлөрүнө киргизилген артыкчылыгы жогору товарларды ташыганын айтууда.
Ал эми «Карголайн» ЖЧКсы, АКШнын маалыматына ылайык, Орусияга миллиондогон долларга чет элдик өндүрүштөгү авиатехникаларды ташыган, авиатехникаларды АКШнын экспорттук көзөмөлүндө турган авикомпанияларга да түз жеткирген.
Кыргызстандын убадасы
Буга чейин The Washington Post басылмасы өздүк булактарына таянып, АКШ Кыргызстандын компанияларына Орусияга санциялардан буйтап өтүүгө «жардамшаканы» үчүн санцияларды салууну көздөп жатканын жазган. Басылманын журналисттери америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкектеги бир нече айга созулган сапарынан майнап чыкпаганын айтып берген АКШдагы бир нече жоопту аткаминер менен маектешишкен.
УКМК бул маалыматка комментарий берип, «АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, анын мамлекеттик түзүмдөрү менен компанияларынын да тиешеси жоктугун» билдирген.
Атайын кызмат санкциялык чаралардын бузулушуна жеке компаниялардын тиешеси бар болушу мүмкүн, алар балким өз продукцияларынын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билишкен деле эмес болушу мүмкүн деп болжогон.
Ошондой эле УКМК «мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган» тиешелүү иликтөө жана тергөө иштери башталганын билдирген.
Мындан тышкары, Экономика министрлиги 2023-жылдын март-апрель айларында АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кеткенден кийин өлкөдө экспорттук көзөмөлдү, анын ичинде аскердик жана кош багыттагы товарларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштерди уюштуруу максатында алардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюу чарасы демилгеленгенин билдирген.
Буга чейин «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын жана Казакстандын компаниялары Украинадагы согушка байланышы бар орус компанияларына батыштын техникаларын жеткирип берип турганы тууралуу жазган. Алар Батыштын Борбор Азия аркылуу аскердик товарлардын өтүшүнө тоскоолдук кылууга жасаган аракетине карабастан, кыргыз жана казак компаниялары кош багытта колдонулуучу технологияларды ташып турганын аныкташкан.
Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол сала баштагандан кийин АКШ жана Европа биримдиги Орусияга каршы санкцияларды салып, аскердик багытта колдонулушу мүмкүн технологиялардын экспортун катаалданткан. Анткен менен Орусия аталган чектөөлөргө илинбей калган башка өлкөлөр аркылуу, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан аркылуу батыштын технологияларын алууну улантууда.