АКШнын кыргыз компанияларына санкциясы: Украина ТИМи кыргыз элчисин чакыртты

Украинанын тышкы иштер министрлиги 20-июлда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркуловду чакыртты. Бул тууралуу Украинанын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдирди

ТИМдин маалыматына боюнча, украин тарап Кыргызстанда Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө жол берилгени тууралуу маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн чакыртылган. 

Атап айтканда, маалыматтар курал-жарактарды жасоо үчүн керектелиши мүмкүн кош багыттагы продукциялардын жана жогорку технологиялык компоненттер менен буюмдардын Орусияга ташылышына байланыштуу. 

«Дипломатка Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкциялык саясаттын сакталышына жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керектиги айтылды», — деп айтылат ТИМдин маалыматында. 

Ведомстводон Кыргызстандан аскердик техникаларды жабдууга керектелүүчү товарларды Орусияга реэкспорт кылуу «украин тараптан Орусиянын Украинага каршы баскынчылык согушун колдоо катары кабылданарын» белгилешти.

Кош багытта колдонулуучу санкцияланган товардарды Орусияга реэкспорт кылганы үчүн бир нече кыргыз компаниясы АКШнын санкциясына кабылганы тууралуу 20-июлда белгилүү болгон. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдирген

Жалпысынан АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанда катталган төрт компанияны кара тизмеге киргизди. Ведомствонун маалыматына ылайык, Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол салып баштагандан тартып Кыргызстанда жайгашкан компаниялар Орусияга көзөмөлдөөчү электрондук компоненттерди жана башка технологияларды, анын ичинде Орусиянын коргонуу секторундагы ишканалар үчүн кош багыттагы товарларды байма-бай экспорттоп турган. 

Ушуну менен АКШ жалпы-жонунан беш кыргыз компаниясына санкция салды. Жогоруда аталган төрт компаниядан тышкары АКШнын Финансы министрлигинин кара тизмесинде Tro.Ya компаниясы бар. Бул компания Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарына колдоо көрсөткөнү үчүн санкцияга кабылган.  

АКШ Кыргызстандын компанияларына каршы санцияларды киргизүүнү пландап жатканын мурдараак өздүк булактарына таянуу менен The Washington Post басылмасы жазган.

УКМК бул маалыматка комментарий берип, иликтөө баштаганын билдирген. Мамкомитет «АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, анын мамлекеттик түзүмдөрү менен компанияларынын да тиешеси жоктугун» айткан.

АКШ бийлиги кыргыз компанияларына экинчи ирет санкция салып жатат. Ушуну менен АКШ жалпы-жонунан беш кыргыз компаниясына санкция салды. Жогоруда аталган төрт компаниядан тышкары АКШнын Финансы министрлигинин кара тизмесинде Tro.Ya компаниясы бар. Бул компания Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарына колдоо көрсөткөнү үчүн санкцияга кабылган.  

АКШ бийлиги ушуну менен кыргыз компанияларына карата экинчи жолу санкиця салып жатат. Мурдарак санкция Tro.Ya компаниясына салынган. Бул компания Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарына колдоо көрсөткөнү үчүн АКШнын Соода министрлигинин кара тизмесине киргизилген.