Сот 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган кишинин өкүмүн күчүндө калтырды

Чүй облустук соту 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган кишини 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул өкүмү менен облусттук сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, 2017-жылы кыз кошунасы тарабынан сексуалдык зомбулука кабылган. «Балдардын укугун коргоо лигасы» уюмунун маалыматына ылайык, зордуктоо туруктуу мүнөздүү болгон деп болжоого болот, анткени эки жылдан кийин, 2019-жылдын майында, жабырлануучунун энеси жашы жете элек кызынын боюнда бар экенин билген. УЗИ кыздын беш айлык боюнда бар экенин көрсөткөн.

Быйыл март айында «Балдардын укугун коргоо лигасы» уюмунун укук коргоочулары бул иш боюнча сот процесси төрт жылдан бери созулуп келатканын айтып беришкен.

Кызды зордуктоо иши 2019-жылдын июнунда козголгон. Тергөө шектүү ким экенин ошол учурда дароо аныктаган. Ал кармалып, бирок тукумсуз экенин айтып, күнөөсүн мойнуна албай койгон. Бирок эксперттик комиссия шектүү тукумсуз эместигин аныктаган.

2021-жылдын февралында Токмок шаардык соту шектүүнү 15 жылга эркининен ажыраткан. Бирок адвокаттары соттун чечимине нааразы болуп, аны [шектүүнү] актоону талап кылышкан.

Март айында «Балдардын укугун коргоо лигасы» уюмунун укук коргоочулары жабырлануучу менен анын апасынын «сотторго жана прокурорлорго ишеними калбай калгындыктан» коомчулуктан кызды коргоо ишине аралашууну суранышкан. Аны менен катар укук коргоочулар кыздын укуктарын калыбына келтирүү үчүн чара көрүүнү суранып, президентке, башкы прокурорго жана акыйкатчыга кайрылышкан.

Автору: Медина Шамшидинова.