Сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 8 кишини камакта калтырды

Бишкек шаардык соту өткөн жылдын октябрынан бери Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 8 адамды камакта калтырды. Алардын бөгөт чарасы 20-июлда каралды.

Учурда тергөө абагында жаткан сегиз адамдын камактан бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок. Алар: Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов.

Кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Учурда, активисттер абактагы Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдандын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында эсеп ачышты.

Колдоо көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү эсептерге каражат которсо болот: 

0701 06 55 77 МБанк — Шаршекүл, Эрлан Бекчоро уулунун жубайы;

0705 12 53 12 МБанк, Элсом, бирдик — Нурайым, Али Шабдандын жубайы.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активист кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашып, ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Башкы беттеги сүрөт: Azattyk