«Тазалыктын» жетекчиси рейд уюштуруп, БВР калаадагы таштандыларды чыгарбай жатканын айтты

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Бишкектин Октябрь районундагы таштандыларды «БишкекВторРесурс» (БВР) компаниясы эмес «Тазалыктын» кызматкерлери чыгарып жатканын билдирди.

Ал 14-июлда бир жумадан бери рейд жүргүзүп жатканын айтып, видео жарыялады. Анда Алиев БВРдин кызматкерлери таштанды чыгарбай эле, тазалып жаткандай түр көрсөткөнүнө күбө болгон.

«БВРдин кызматкерлери тазаланган же жарым-жартылай толгон таштанды челектеринин жанына келип, бир аз туруп, тазалап, таштандыларды алып жаткандай түр көрсөтүп сүрөткө түшүп, кетип калганына күбө болдук. Эртең менен фейсбуктан БВР Октябрь районундагы таштандыларды тазалады деген жаңылык чыгат. Бир жумадан бери ушундай рейд жүргүзүп жатабыз, ушундай эле көрүнүш», — деди ал.

Ошондой эле «Тазалыктын» жетекчиси БВРдин кызматкерлери чогулткан айрым таштандыларды Ысык-Ата районуна караштуу Интернациональное айылындагы ээн талаага төгүп жатканын билдирди. Алиевдин айтымында, ал жерге кеминде 6,5 тоннадан ашык таштанды төгүлгөн. 

БВРдин кызматкери Алиевдин «эч кандай көзөмөлү жок эле төгүп жатасыңарбы» деген суроосуна «бул жакты чоңдор сүйлөшүп койгон, палигонго барсак киргизбей койду» деп жооп берген.

Бул боюнча «БишкекВторРесурс» компаниясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Октябрь районундагы таштанды көйгөйү

Буга чейин «Тазалык» менен «БишкекВторРесурс» ишканасынын ортосунда талаш чыккан. Анда Октябрь районунун тургундары таштанды чыгаруу үчүн эки квитанция келгенин айтышкан — бири «Тазалыктан», экинчиси  «БишкекВторРесурстан».

«Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиев 14-июндан тарта таштандыны муниципалдык ишкана чыгарып жатканын билдирген. Анын айтымында, райондук администрация БВР менен келишимди жокко чыгарып, «Тазалык» менен жаңы келишим түзгөн. 

Алиев тургандар таштанды чыгаруу үчүн акчаны «жеке ишканага эмес, “Тазалыкка” төлөшү керек» деп билдирген. Ал эми «БишкекВторРесурстан» шаардыктар каражатты аларга төгүшү керектигин айтышкан.

Ошондой эле ишканадан райондогу таштандыларды чыгаруу боюнча милдеттерин аткарууну улантып жатканын белгилеп, келишимди токтотуу тууралуу маалымат «чындыкка дал келбейт» деп белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: «Тазалык» шаарды тазалоого көмөктөшүү үчүн ыктыярчыларды чогултуп жатат

«Тазалыктын» жетекчиси жараксыз техникаларды темирге өткөрүп, ордуна жаңысын алууну көздөөдө