Ак-Ордо-3 конушундагы оор жүк ташуучу унаа менен жол кырсыгында жабыркаган дагы бир адам каза болду

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушундагы жүргүнчү ташыган автобус менен оор жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыкта дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу 24-июлда «Клоопко» Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу аял 23-июлда кечки саат 21:00дордо каза болгон. Калган жаракат алгандардын абалы туруктуу экени айтылат.

Буга чейин, 19-июлда Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчү ташыган автобус менен оор жүк ташыган унаа кагышып бир адам мерт кеткен. Кырсыкта кичи автобустун ичиндеги 23 адам ар кандай жаракаттарды алып, 11 адам ооруканага жаткырылган.

Жол кырсыгы тартылган видео социалдык тармакка тараган. Анда 169-кичи автобус жол боюнан жүргүнчү салып жыла баштаганда, артынан катуу ылдымдыкта келаткан оор жүк ташуучу унаа келип сүзгөнүн көрүүгө болот.

Чүй облустук милициясы жүк ташыган унаанын ээси кармалганын, кырсыкты Сокулук РИИБи териштирип жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгында бир адам каза болуп, 23 киши жаракат алды