Президент мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы 17-июлда билдирди.

Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, аны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия иштеп чыккан.
Жогорку Кеңеш аны 31-майда үчүнчү окууда кабыл алган. Добуш берүүдөн кийин парламенттин спикери Нурланбек Шакиев кесиптештерин «тарыхый мыйзамдын» кабыл алынышы менен куттуктаган.

Мыйзамда мамлекеттик тил колдонулуууга тийиш тармактар тизмектелген. Алсак, кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар үчүн жумушчу тил болот. Ошондой эле мамлекеттик тил географиялык аталыштарда, билим берүү жана илим тармагында, ошондой эле эл аралык келишимдерди түзүүдө милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.

Негизги өзгөрүүлөрдүн дагы бири — мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, медицина кызматкерлери жана башка категориядагы жарандардын тобу кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.