Баткен: 300гө чукул бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Баткен облусунан 293 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу 23-июлда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти

Маалыматта эс алууга чек ара жаңжалында каза болгондордун, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесинен ажыраган жана мектепте жакшы окуган өспүрүмдөр жөнөтүлгөнү айтылат.

 

Алар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын-балалык» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат. Балдарды 17 мугалим, эки милиция, бир медицина кызматкери жана 17 айдоочу коштоп кетти. 

«Балдарды эс алууга жөнөтүү мамлекет тарабынан, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын, жакындарынан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо максатында уюштурулду», — деп белгилешти облустук администрациядан.  

Балдарды Ысык-Көлгө президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер узатышты.  

Буга чейин, 20-июлда Президент Садыр Жапаров «2021-2022 жылдары Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу жаңжалда каза болгондордун жакындары жана жабыркагандарды социалдык коргоо» жөнүндө мыйзамга кол койгон

Анда чек арада каза болгондордун балдарына, ата-энесине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылгандарга мыйзамда белгиленген социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын жөлөкпул берилери айтылган. Аны менен катар, башка да жеңилдиктер каралары белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек арадагы жаңжалда каза болгондордун жакындары жана жабыркагандар социалдык коргоого алынат