Чүй: Шопоков шаарындагы эко-шаарчанын курулушуна капсула салынды

 

Чүйдүн Шопоков шаарында курула турган «Шопоков Эко-Сити» шаарчасынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу 22-июлда Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка караганда, капсуланы палатанын жетекчиси, мурдагы премьер-министр Темир Сариев салган. Долбоорду «Базис-М» курулуш компаниясы ишке ашырары айтылат.

«Борбор калаа Бишкектен 20 мүнөттүк аралыкта жайгашкан Шопоков шаары жашоо жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу жайга айланууда. Шаар өсүү жана өнүгүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берген спутник-шаар статусуна ээ болууда», — деп жазылат маалыматта.

Долбоордун аянтынын жалпы аянты 8,5 га, анын ичинен курулуш аянты 23% түзөт. Ал эми калган 77%ын жашылдандыруу пландаштырылып жатканы белгиленди.

Ошондой эле балдар үчүн өзгөчө көңүл бурулуп жатканы, алардын келечеги, бош убактысын активдүү өткөрүү үчүн билим берүү мекемелери курулары кошумчаланды.

Палатанын маалыматына ылайык, курулуш компания кийин бир нече батирлерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү максатында мэрияга бекер бөлүп берүүнү убадалады.

Асман эко-шаары

30-июнда мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги Асман экологиялык таза шаарынын курулушун баштоо иш-чарасына катышып, капсула салган.

Ал эми 17-июлда президент Дубайдан келген 800 жумушчу Бишкектеги өкмөт үйүн бүтүрүшкөн соң Асман шаарын курганы кете турганын айткан.

Шаарды кура турган компаниялардын өкүлдөрү билдиришкендей, Асманга дүйнөдөгү эң чоң мечит, ислам музейин, ири университеттер менен тез жүрүүчү поезд куруу көздөлүп жатат. Ошондой эле, Голливуд жана Болливуд жылдыздары чакырылган тасмалардын съемкалары үчүн кино кыштагын салуу да пландалууда.

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор тууралуу 2021-жылдын июлунда эле айтыла баштаган. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде, аэропортко жакын жерге курулат. Долбоордун авторлорунун айтымында, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, 7-10-жылда курулуп бүтөт. Экономика министрлиги шаардын курулушун 20 млрд долларга баалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги Асман шаарынын курулушуна капсула салды