«Не сахардын» алып баруучусу «Абдыш-Ата» фирмасынын күзөтчүлөрү ага кол салганын айтты

«Не сахар» долбоорунун мүчөлөрү «Абдыш-Ата» фирмасынын имаратында. Сүрөт: Умар Даданов.

Чүй облусунун Кант шаарында «Не сахар» долбоорунун төрт мүчөсүнө «Абдыш-Ата» фирмасынын күзөтчүлөрү жана белгисиз бирөөлөр кол салды. Бул тууралуу «Клоопко» 25-июлда долбоордун алып баруучусу, журналист Умар Даданов кабарлады. 

Анын айтымында, окуя бүгүн саат 15:30 чамасында болгон. Долбоордун мүчөлөрү фирмага санитардык норманын сакталышын текшерүүгө барган. Ал эми кароолчулар алардын камерасын тартып алып, өздөрүн ур-токмокко алып, имараттан кууп чыгарышкан.

«Имараттын ичине киргенде темир, арматуралар менен чаап коркутушту. Тартуучу топтогу балдарымды тепкилеп салышыптыр. Сабаганда дагы бети-башка эмес, көгөртпөй, талылуу жерлерге чапкылашыптыр. [...] Сыртка чыкканда белгисиз 10 чакты киши чогулуп жаткан экен. Өзүбүздүн унаабыз менен милиция бөлүмүнө баратканда артыбыздан эки унаа кубалады», — деди ал.

Даданов фирмадагы кол салган күзөтчүлөр 3 миң долларга чукул материалдык зыян келтиргенин айтып, милицияга арыз жазганын билдирди.

«Камераларды сындырышты. “Нитро” чыгарган фирма Кыргызстандагы алдыңкы компаниялардын бири болгондуктан, репутациясын бузуп алуудан коркуп, ичиндеги видеолорду өчүрүш үчүн камераны тартып алышты. Азыр материалдын баары аларда», — деди ал.

Ошондой эле Даданов «Абдыш-Ата» фирмасынын «Нитро», «Живое пиво» ичимдигин чыгарган заводунда санитардык нормалар сакталган эмес» деп кошумчалады.

«Заводдун ичин тарттым. Ичимдиктер чыгарылып жаткан жерге унаа менен кирсе болот экен. Негизи продукт жасалып жаткан жайга унааны киргизүүгө болбойт. Кызматкерлердин тиешелүү формалары жок. Техникалар үчүн ачкычтар, майлар аралашып турат. Ал жердеги санитардык абал фирманын деңгээлине төп келбейт», — деп белгиледи Даданов.    

Ысык-Ата райондук милициясынан «Клоопко» «Не сахар» долбоорунун мүчөлөрү арыз менен кайрылганын тастыктап, тергөөчү жабырлануучуларга экспертиза дайындоо үчүн адистерге жолдомо бергенин белгилешти.

Ал эми «Абдыш-Ата» фирмасынан окуя боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. 

«Не сахар» долбоору 2018-жылы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталып түзүлгөн. Анда азык-түлүк дүкөндөрү, ишканалар жана коомдук тамактануучу жайлардын санитардык нормаларга шайкештиги текшерилет.

Буга чейин долбоордун коомдо чуу жараткан бир нече берүүсүнөн кийин Оштогу «Манас-Ата» кафеси жабылып, «Алькони» ишканасына айып пул салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Алькони» ишканасына антисанитардык шарттары үчүн 36 миң сом айып салынды

«Губка даамданган самса». Оштогу «Мирзалим» кафеси блогердин видеосунан кийин оңдоп-түзөө үчүн жабылды