Украинада каза тапкан кыргыздардын жок эле дегенде 17си ЧВК Вагнер аркылуу согушка тартылган — Би-Би-Си

Би-Би-Синин журналисттери 21-июль күнү Украинада согушта көз жумган кыргызстандык 13 адам тууралуу айтып беришти. Каза болгондор боюнча буга чейин эч кандай маалымат ачыкка чыга элек болчу.

Журналисттер алардын окуяларын чогултту. Каза тапкандардын арасында көбүнесе зордуктоо, адам уурдоо, карактоо, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгондор.

Би-би-си баяндап берген окуялардын бири 28 жаштагы Айбек (аты өзгөртүлдү) тууралуу, ал Орусияда талап-тоноо үчүн айыпталып, кийин ЧВК Вагнер аркылуу согушка тартылган. Айбектин апасы журналисттерге көптөн бери уулунан кабар укпай калганын айтып берген. Эне уулунан кабар издеп ЧВКга чалып жүргөн, ал жакта башында «суу кабардын жоктугу — бул жакшы жаңылык» деп айта беришкен.

«Чебаксарыда [колонияда] алты ай жүрдү. Бир дагы жолу чалган жок. Кийин анан этап болуп Красноярскиге кетип жатам деди. “Мама шоколад хочу” деди. Москвадамын десем, "мен Свердловскийдемин" деди. Эч нерсе жардам кыла албадым. Балама шоколад бере албадым. Азыр жок эми баламан ажырадым. Өзүм жалгыз бой эне болсом. Ушул балам карайт эле», — деп жашыган маркумдун энеси журналисттерге.

Айбектин апасы уулунун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүгүнө таянып, баласы снаряддын жарылуусунан каза тарканын билдирген. Ал Ош облусундагы айылдардын бирининде жерге берилген. 

Согушта каза болгон дагы бир кыргызстандык — Садырбек Бекенов — Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал согушка «кадыровчулардун» катарында барган. Украина аны «Украинага каршы орус-белорус агрессиясынын катышуучусу» жана «орусиялык аскер кылмышкери» деп айыптаган. Бул Украина тараптан Кыргызстандын жаранына карата кылмыш иши козголгон, ачыкка чыккан азырынча биринчи учур. 

Иликтөөдө журналисттер согушка өз эрки менен кетип, эки аптадан соң каза болгон 54 жаштагы кыргызстандык Жолдошбек Мукамбетов тууралуу да айтып беришти. Орусия бийлиги анын сөөгүн өткөрүп берүүдөн жана орусиялык жубайына экөөнүн расмий никеси жок болгондуктан кенемте төлөөдөн баш тарткан.



Жолдошбек Кыргызстандагы туугандары менен жакында эле кат-кабар алыша баштаган — туугандары аны 30 жылдан бери дайынсыз деп жүрүп, ал түгүл «Жди меня» телеберүүсү аркылуу да издетишкен.   

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Орусиянын Украинага каршы согушунда агрессор тарапта согушкан жалпы 30дан ашык кыргызстандык каза тапкан. 

Иликтөөнүн авторлорунун маалыматына ылайык, белгилүү болгон жаңы учурлардын арасында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге баргандар, ЧВК Вагнер аркылуу согушка тартылгандар бар, дагы бири фронтко чечен аскер бөлүгүнүн катарында кеткен.   

Бүгүнкү күнү ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Украинадагы согушка ЧВК Вагнердин катарында кетип каза тапкан жок эле дегенде 17 кыргызстандык тууралуу белгилүү. Алардын көбү согушка кеткенин туугандарына айтышкан эмес.  

Кыргыз ТИМи Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аркылуу мекендештерди аскердик аракеттерге катышпоого активдүү чакырып жатышканын билдиришүүдө — республика өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандар 15 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертип келет. Бирок ведомство согушта канча кыргызстандык каза болгону тууралуу маалыматы жоктугун айтууда.