Бюджеттик каражатын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү механизми жокко чыкты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эми Кыргызстанда бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулар механизми жокко чыгарылды.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган. Аны «мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында» Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.

Президенттин администрация билдиргендей, мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана «тендер» түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Аны менен катар «мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында»:

  • татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алынып салынган жана кайра каралган;
  • сатып алуулар планын өзгөртүүдө жол-жоболор кыскартылган;
  • бир булактан методдун колдонуу учурлары кеңейтилген.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган.

Акыркы эки жылда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына олутту өзгөртүүлөр киргизилди. Тендерге президент Садыр Жапаров жеке өзү каршы чыгып келет. Ал тендерлерден «миллиарддаган сомдор» уурдалган деп эсептейт.

Алсак, былтыркы жылдын апрелинен тартып мамлекеттик катышы 50% же андан жогору компанияларга мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер өткөрбөй эле коюуга уруксат берген. Бул мыйзам жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан сынга да алынган. Алар эгер мыйзам кабыл алынса коррупция күчөп, мамлекеттик катышы бар компаниялар менен ишканалардын үстүнөн мамлекеттик көзөмөл начарлайт деп белгилешкен.

Ошондой эле быйыл март айында президент тескемеге кол койгон, ага ылайык, мамлекеттик компаниялар ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатып алууга артыкчылык бериши керек.

Башкы бетеги Алина Печёнкинанын Kloop үчүн иллюстрациясы.

Тема боюнча:

Азык-түлүк коопсуздугу. Кыргызстан жер семирткич сатып алууда 180 млн сом зыянга учурады

Акылдуу сөздөр мамлекеттик бюджеттеги ашыкча чыгымды жашырууга кантип жардам берет?

Кыргызстанда маалымат алуу кыйындап баратат, ал эми жарандык коом үн катпайт. Себеби эмнеде?