Кочкор: Тургундар токойдун жерине балык чарбасын уюштурууга каршы болушууда

Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын ондогон тургуну токойдун жерине балык чарбасын курууга каршы болушууда. Алар бак-дарактар кыйылып жатканына нааразы болуп, жер берилсе жайыт тарып каларын айтышууда.

Ал эми райондун акими Эрмекбай Омошев балык чарбасына жер берүүдө атайын сынак уюштурулганын айтты. Ал жерди алган ишкер «токойго зыян келтиргени үчүн 3,5 млн сом төлөп, тиешелүү документтерди алган» деп белгиледи.

«Эл азыр жайытыбыз азайып кетет деп нааразы болуп жатат. Бизде андан башка да жерлер балык чарбасына берилген. Кочкордун абасы, суусу балык чарбасына ыңгайлуу болгондуктан ушундай чарба ачууга байланыштуу көптөгөн арыздар бар. Мамлекеттин жерин мамлекет башкарат да. Андан башка жол жок» , — деди ал.

Ошондой эле аким нааразы болуп жаткан тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, «ишкерлерге бут тосо берүү болбойт» деп кошумчалады.

Ал эми Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынан бул боюнча комментарий берише элек.

Айыл чарба минитсрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 250дөн ашык балык чарбасы бар. Алардын айрымдары балык жана балык продукцияларын Орусия, Казакстан өңдүү башка өлкөлөргө экспорттойт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына койгон чектөөсүн алды