«Жолдошу күнөөлүү». Казакстанда өз жанын кыйды делген аялдын жакындары адилеттик издейт

20-июлда Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык аял балдарынын көзүнчө өз жанын кыйганы кабарланды. Айперинин жакындары анын өлүмүнө жолдошун айыпташууда. Бул тууралуу алар 24-июлда «Азаттыкка» маек курду.

Буга чейин бир катар казак басылмалары маркумдун коңшуларына таянып, анын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келгенин жазган. 29 жаштагы маркумдун сөөгү жакында эле кичи мекени, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда жерге берилди.

«Өз жанын кыйды дегенге ишенбейбиз»

Айперинин жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги медреселердин биринде өзүнөн 15 жаш улуу казак жараны менен таанышып, 2021-жылы турмушка чыккан.

Ал эми Айперинин өз жанын кыйганы тууралуу маалыматты маркумдун кошунасы, казакстандык активист Жибек Аменова фейсбук барагына жарыялаган. Ал аялдын суцидге барганына ишенбей турганын айткан.

«Биз иштин адилет иликтенишин талап кылабыз. Айперинин сөөгүн күрөшүп жатып туугандарына араң алып бердик. Бечара келиндин туугандары кыйла басмырлоого туш болушту. Аларга күйөө баласынын жакындары сөөктү бир шарт менен — кылмыш ишин козгоодон баш тартып, Айперинин күйөөсүнө жана кайын журтуна эч кандай дооматы жоктугу тууралуу ишеним катты нотариус аркылуу күбөлөндүргөндөн кийин гана өткөрүп беришти. Кызынын сөөгүн алып кетүү үчүн баарына макул болуп, кол коюп беришти. Чек арадан чыкканга чейин Айперинин документтерин беришкен жок», — деген активист.

Аменова маркумдун буга чейин көргөн кордугу тууралуу да айтып берген. Ал Айперинин жолдошу аны «бир жумага үйүнөн кууп салган учурлар да болгонун» белгилеген.

«Анын тааныштары, кошуналары, досторунун айтуусунда, Айпери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып келген. Ал жолдошун көңүлдөштөрү менен жүргөнүн бир канча жолу көргөн. Жолдошу балдардын жөлөк пулун алып аларын кыздарга айтып даттанып калчу. Айпери өзүн багуу үчүн акчага муктаж болгондуктан буйрутма алып кийим тигип, бир нерселерди бышырып сатчу», — деген ал.  

«Денесинде соо жери жок экен» 

Маркумдун эжеси Асема сиңдисинин сөөгүн ата-энеси араң алышканын айтып берди. Ал сөөктү алганы барганган чейин эле Айперинин кайын журту «асынып алды» деп документтерин даярдап коюшканын белгиледи.

«Сөөктү алып келгени барган авам "бөтөн эл, бөтөн жерде сөөктүн деле кадыры жок турбайбы, эч кимге сөзүң өтпөйт экен" деп аябай кейиди. Казакстанга баргандан кийин да сөөктү ала албай эки күн туруп калышкан», — деп түшүндүрдү ал.

Асема сиңдиси ага кайын журтунун «катаал мамилесине жана күйөөсүнүн зөөкүрдүгүнө даттанганын» айткан. Ал эми маркумдун сөөгүн майрам сууга  алганы кирген туугандары «денесинде соо жери калбаганын, бүт көгала так экенин» көрүшкөн. 

«Быйыл кайын энеси менен күйөөсү улуу эки кызын алып калып, Айперини кичүү кызы менен көчөгө чыгарып койгон экен. Кордайдан Бишкекке араң келип, бир айдай жүрүп, аргасы жоктугунан кыздары үчүн кайра Казакстанга кеткен [...] Айпери үч кызы турганда өз жанын кыя турчу жан эмес эле», — дейт Асема.

Айперинин үч кызы тең атасынын колунда калган. Ал эми маркумдун жакындары бул иштин тыкыр иликтенип, эгер анын өлүмүнө жолдошунун тиешеси болсо, адилеттүү жазага тартылышын күтүп жаткан учуру.

Буга чейин Алматы полициясы кыргызстандык аялдын өлүмүнө байланыштуу «Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон

Ал эми Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу Айпери казак жарандыгын алганына байланыштуу, иштин иликтенишине кийлигише албай турганын билдирген.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Казакстанда 30 миңге чукул кыргызстандык жашап, иштеп жүрөт.

Ал эми Казактанда январдан майга чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча полицияга 35 миңден ашуун арыз түшкөн, 6 миңдей киши административдик, ал эми 300 киши кылмыш жообуна тартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Күйөөсү зомбулук көрсөтүп жүргөн». Казакстанда кыргызстандык аял асынып алганы кабарланды