Президент Оштогу «Төлөйкөн» ат майданын реконструкциялоо иши менен таанышты

30-июлда президент Садыр Жапаров Ош облустук «Төлөйкөн» ат майданын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн.

Учурда иштердин негизги бөлүгү аяктаганы айтылды.

Ат майданды реконструкциялоодо төмөнкүлөр каралган:

  • Жаңы конференциялык зал куруу;
  • Ат чабыш жолуна жана көк бөрү оюн талаасына кум төгүү;
  • Негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;
  • Сырткы жарыктандырууну орнотуу;
  • Жаңы тосмолорду орнотуу.
  • Президент курулуш иштеринин жүрүшүн белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөрү айтылды.

Садыр Жапаров 27-июлдан тарта Жалал-Абад жана Ош облустарында иш сапар менен жүрөт. Ал бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышары жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышары айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Ташиев УКМКнын Оштогу жаңы имаратын ачты

Бир кадр менен: Президент Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйүн ачты