Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси 12 млн сом төлөп үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу 30-июлда «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирип, сот аны 28-майда канааттандырган. Эми алар тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, башка айтканда 22-августка чейин үй камагында болушат.

Тергөөчүнүн келтирген өтүнүчүнө ылайык, Калашникова 12 млн сом, ал эми Валитов 1,5 млн сом мамлекетке төгүп, келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулган.

4-майдагы парламенттин жыйынында УКМК Калашниковага карата коррупция боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Ага чейин, 28-апрелде, фонддун кеңсеси жана жетекчи Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

Ошол эле учурда Калашникова кылмыш иши козголгону тууралуу парламентке келип укканын айтып, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнүн ырастаган.

Ал эми 18-майда УКМК Елена Калашникова менен анын орун басарын коррупцияга шектеп кармаган.

Атайын кызмат уставдык капиталы 1 млрд сомдук бул фонддо акча орунсуз сарпталып, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирген.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 2022-жылдын мартында Кыргызстандын туристтик тармагын туруктуу өнүктүрүүнү колдоо максатында түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 1 млрд сом.