«Абдыш-Ата» компаниясы «Не сахар» долбоорунун мүчөсү сабалганын четке какты

«Абдыш-Ата» компаниясынын жетекчилиги. Сүрөт: АКИpress

«Абдыш-Ата» компаниясынын жетекчилиги журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, анда ишкананын күзөтчүсү «Не сахар» долбоорунун мүчөсүнө кол салды деген окуя боюнча комментарий беришти. Долбоордун мүчөлөрү фирмага санитардык нормалардын сакталышын текшерүү үчүн барганын айтышкан. Бирок ишкананын күзөтчүлөрү тартуучу топтун камерасын тартып алып, өздөрүн сабап, имараттан кууп чыгышкан.

«Не сахар» долбоорунун мүчөлөрү «Абдыш-Ата» фирмасынын имаратында. Сүрөт: Умар Даданов.

Маркетинг бөлүмүнүн башчысы Рамазан Машанлонун айтымында, «Не сахар» долбоорунун мүчөлөрү жеке менчик аймакка мыйзамсыз бастырып киришкен.

«Чындыгында, баары бир карагандагыдай жөнөкөй эмес. Биздин компания жеке менчик жана коргоого алынган аймак болуп эсептелет, анткени бул жерде азык-түлүк [категориясына кирген] продукт өндүрүлөт. Бул жерде өзүнүн эрежелери бар, алар биринчи кезекте санитардык нормалардын жана техникалык коопсуздуктун сакталышына тиешелүү. Бул нормалардын бузулушу Кыргызстандын калкынын массалык ууланышына алып келиши мүмкүн», — деди ал.

Машанло, ошондой эле, жетекчилик видеокөзөмөл камераларына жазылып калган бардык видеоматериалдарды милицияга өткөрүп бергенин белгиледи. Анын айтымында, «компания ЖМКга жана коомчулук үчүн дайыма ачык».

«Эгер алар телефон чалса же жөн эле келишсе биз кубануу менен тосуп алмакпыз. [...] “Абдыш-Ата” компаниясы алдын ала даярданбайт, анткени санитардык нормалар дайыма сакталат. Биз коомчулук үчүн ачыкпыз. [...] “Не сахар” берүүсүнүн блогерлери план менен жасалган системалуу ишке караганда көз ирмемдик хайп үчүн чагым уюштурууну маанилүү деп эсептешет көрүнөт. Ошондой болсо да, аталган долбоор коомчулук үчүн маанилүү деп эсептейбиз жана анын мүчөлөрүнө профессионалдык өсүш каалайбыз. Азыркы окуя көпчүлүк үчүн пайдалуу жагына чечилет деп ишенем», — деди ал.

Компаниянын юристи Екатерина Шикина 25-июлда 4 кишиден турган тартуучу топ «товар жүктөө үчүн дарбазадан өтүп бараткан унаанын артына жашырынып, заводдун аймагына видеокамералар менен киргенин» билдирди. Анын айтымында, аталган кишилер санитардык зонага кирип, видеого тарта башташкан.

«Биздин компаниянын күзөт кызматы алардан тез арада имараттан чыгып кетүүнү талап кылган, бирок белгисиз адамдар күзөтчүнүн мыйзамдуу талабын аткаруудан агрессивдүү түрдө баш тартышкан. Натыйжада күзөтчүлөр каршылык көрсөткөнүнө карабай аларды кууп чыгууга мажбур болушкан. Мындай айтпа-дебей бастырып кирген окуядан улам биз ишти убактылуу токтотууга мажбур болдук. Коопсуздук жана санитардык нормалар бузулгандыктан өндүрүү линиясын болжол менен бир саатка токтотууга туура келди. Өтө кооптуу жагдай жаралды», — деп билдирди Шишкина.

Юрист компаниянын кызматкерлери дароо эле заводго белгисиз кишилер бастырып киргени тууралуу милицияга арыз жазышканын кошумчалады.
«Биз алар (“Не сахар” долбоорунун мүчөлөрү) биздин аймакта калтырып кеткен видеокамераны Ысык-Ата РИИБге өткөрүп бердик. Видеокамерага зыян келтирилбегенин баса белгилейбиз. Эми укук коргоо органдары болушунча бейтарап иликтөө жүргүзүшү керек деп эсептейбиз жана тергөө менен кызматташууга даярбыз», — деди ал.

Юрист ошондой эле «Не сахар» долбоорунун мүчөлөрүн эч ким урбаганын кошумчалады. Алтургай, күзөт кызматынын башчысы долбоордун мүчөлөрүн «коопсуздукка жооптуу кишиге жолуктурууну» сунуштаган.

«Өзүңүздөр билгендей, заводго кишилер келип, жөн эле сейилдесе болбойт. Биздин эрежелер боюнча, ишкананын өкүлүнүн коштоосунда чогуу жүрүшү керек. Алар баш тартып, биздин күзөт кызматкерлерибизди чагымдап, өзүлөрүнүн жүрүм-туруму менен баарын коркутушту», — деди юрист.

Өндүрүштүк директору Николай Власов өз кезегинде, компаниянын жетекчилиги заводдогу санитардык шарттардын жогорку деңгээлде болушун такай күзөтүп турарын айтып ишендирди.

Кол салуу боюнча билдирүү

25-июлда Умар Даданов «Клоопко» Чүй облусунун Кант шаарындагы «Абдыш-Ата» фирмасынын күзөтчүлөрү жана белгисиз кишилер «Не сахар» берүүсүнүн төрт мүчөсүнө кол салганын билдирген.

Анын айтымында, долбоордун мүчөлөрү ишкананын имаратына киргенде, күзөтчүлөр аларды коркутуп, темир кесиндиси, арматура менен ура башташкан. Ал ошондой эле командадагы балдардын бети-башына эмес, көгөртпөй, талылуу жерлерге чапкылашканын айткан.

Даданов сыртка чыкканда белгисиз 10 чакты киши чогулуп күтүп турганын айтып ишендирген. Алар журналисттер милицияга карай бет алганда артынан жөнөшкөн. Дадановдун айтымында, күзөт кызматкерлери дээрлик 3 миң доллар материалдык зыян келтиришкен — камераларды сындырышкан — алар милицияга арыз жазышкан.

Даданов «Абдыш-Ата» фирмасынын «Нитро», «Живое пиво» ичимдиктерин өндүргөн заводунда санитардык нормалар сакталбаганын айтып ишендирген.

Ысык-Ата РИИБнен «Клоопко» «Не сахар» долбоорунун мүчөлөрү милицияга арыз менен кайрылышканын ырастап, тергөөчү жабырлануучуларды экспертиза дайындоо үчүн адистерге жибергенин билдирген.

«Не сахар» долбоору 2018-жылы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталып түзүлгөн. Анда журналисттер азык-түлүк дүкөндөрү, ишканалар жана коомдук тамактануучу жайлардын санитардык нормаларга шайкештигин текшеришет.

Буга чейин долбоордун коомдо чуу жараткан бир нече берүүсүнөн кийин Оштогу «Манас-Ата» кафеси жабылып, «Алькони» ишканасына айып пул салынган.

Автору: Нагима Болотбекова

Тема боюнча окуңуз:

«Губка даамданган самса». Оштогу «Мирзалим» кафеси блогердин видеосунан кийин оңдоп-түзөө үчүн жабылды