Баткен: Орунбековду иштен алууну талап кылган тургундарга басым болуп жатканы айтылууда

Ак-Сай. Сүрөт: Жеңиш Айдаров / Azattyk

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына айыл башчы басым жасап жатканы айтылды. Ал эми айыл башчысы Алимбек Сабиров бул маалыматты төгүндөдү.

31-июлда «Интербилим» коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева «Клоопко» берген маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылынын тургундарына алардын билдирүүсүнөн кийин басым болуп жатканын айтып берди. 

Ак-Сайдын тургундары 24-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырда «такталбаган, бир тараптуу маалымат таратканы үчүн» Орунбековду иштен алууну талап кылышкан. Алардын кайрылуусун Мамасалиева фейсбук барагына жарыялаган.

«Мага бир тургун чалып, айыл башчысы “соцтармактагы билдирүүнү алып салгыла, бүткөн ишти кайра эмне козгодуңар” деп билдиргенин айтты. Ал катты өчүрүп салышымды суранды. Өзү интервью бере албайт, катуу коркутуп коюшкан. Эгер дагы айтып чыкса андан да жаман кылышат», — деди укук коргоочу.

Ал эми Ак-Сай айылынын башчысы Алимбек Сабиров «Клоопко» кайрылуу жасаган тургундарга басып болуп жатат деген маалыматты төгүндөдү.

«Арыз жазгандарды эч ким кысымга алган эмес. Тескерисинче, айылдык депутаттар Москвадан жана башка жактан кимдир бирөөлөр “арыз жазгыла, кол койдургула” деп үгүттөп, телефон чалып жатышканын айтышууда. Тынч жашап жүргөн элдин башын айлантып, жеке максаттары үчүн пайдалангандар болууда», — деди ал. 

Бирок айыл башчысы «тургундарды үгүттөп, башын айлантып жаткандар» кимдер экенин так айткан жок.

Чек арадагы чыр, Орунбековдун билдирүүсү

24-июлдун кечинде УКМКнын Чек ара кызматы Ак-Сай — Көк-Таш унаа жолунда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканын кабарлаган.

Анда жаңжалга Ак-Сайдын тургундары бараткан унааны Ворух анклавынан Хожаи Аъло айылына бараткан тажик жарандары унаалары менен тоскону себеп болгонун айтылган. Ошондой эле Тажикстандын Хожаи Аъло айылынын тургундары окуя болгон жерге барган кыргызстандык милиция кызматкерине кол салышканы кабарланган.

Эртеси күнү Дайырбек Орунбеков фейсбук барагына чырдын чыгышына «кыргыз жаранынын мас абалда тажиктердин үлпөт унааларын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салганы» себеп болду деп жазган. Кийин ал постун өчүрүп, бул боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

Ал эми Ак-Сай айылынын чек арадагы чырда ур-токмокко кабылган тургуну Жеңишбек Дубанаев Орунбековдун «кыргыз жараны мас абалда болгон» деген билдирүүсүн төгүндөгөн. Ал тажик тарап «окуянын жарымын эле видеого тартып жарыялап, кыргыз тарапты күнөөлүү кылып койду» деп белгилеген.

Кийинчерээк Ак-Сайдын тургундагы президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси «Дубанаев менен жубайынын аброюна шек келтирилгенин» айтып, Орунбеков мамлекеттик кызматты аркалаганга «моралдык укугу жок» деп белгилешкен. Алар Дубанаевдин бир тууганы чек арадагы жаңжалда жерин коргоп курман болгонун да баса белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Орунбеков ордун бошотсун». Ак-Сайдын тургундары президентке кайрылышты

«Мени мас дегени болбогон сөз». Баткендин тургуну Орунбековдун билдирүүсүн төгүндөдү