«Мени мас дегени болбогон сөз». Баткендин тургуну Орунбековдун билдирүүсүн төгүндөдү

Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Жеңишбек Дубанаев «МедиаХабга» маек куруп, 24-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырды тажикстандыктар баштаганын айтты.  

Ал президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбековдун жаңжалда «кыргыз жараны мас абалда болгон» деген билдирүүсүн «болбогон сөз» деп атады.

Эмне болду эле?

24-июлдун кечинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда мушташ чыкканы кабарланган.

Эртеси күнү Дайырбек Орунбеков фейсбук барагына чырдын чыгышына «кыргыз жаранынын мас абалда тажиктердин үлпөт унааларын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салганы» себеп болду деп жазган. Кийин ал постун өчүрүп койгон. Ал билдирүүсү боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүнүн скриншоту.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы чыр Ак-Сай — Көк-Таш унаа жолунда чыкканын билдирген. Анда Ак-Сайдын тургундары бараткан унааны Ворух анклавынан Хожаи Аъло айылына бараткан тажик жарандары унаалары менен тоскону айтылат.

Натыйжада Дача жергесинде эки өлкөнүн тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Чек ара кызматынан Хожаи Аъло айылынын тургундары окуя болгон жерге барган кыргызстандык милиция кызматкерине кол салышканын билдирген.

«ИИМдин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылышып, автоунаасынын арткы айнегин сындырышкан», — деп белгилешкен Чек ара кызматынан.

Айыл тургундары эмне дейт?

Ак-Сай айылы. Сүрөт: Төрөкул Дооров.

Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургуну, чек-арадагы чырда ур-токмокко кабылган Жеңишбек Дубанаев Орунбековдун «кыргыз жараны мас абалда болгон» деген билдирүүсүн төгүндөдү.

Ошондой эле ал тажик тарап «окуянын жарымын эле видеого тарып, жыялоо менен кыргыз тарапты күнөөлүү кылып койду» деп белгиледи.

«Башында алар биздин Ак-Сайдын борборунда унаасы менен жолубузду тосушту. Токтоп унаадан түшсөм, сөгүнүп, качты. Артынан кубалап жетпей койдум, Тажикстанга кирип кетишти. Үйлөнүү тойдогу колонна болгон. Биз калгандарын тосуп, ошолор менен уруша кеттик. Мени мас дегени болбогон сөз. Биздикилер тактабай эле чыгара берет. Жогору жактан тезирээк маалымат бер десе чыгарып салышты да», — деп түшүндүрдү ал.

Дубанаевдин айткандарын Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчубаев да тастыктады. Ал тажик тургундары кыргыз жаранын, жерине барган милиция кызматкерин да сабаганын белгиледи.

Ал эми Баткен облустук милициясынан «МедиаХабга» жабыркаган тургундарга соттук-медициналык эскпертиза дайындалганын билдиришкен. Алардын айтымында, экспертизанын жыйынтыгысыз тургундар «мас же соо болгон»  деп эч ким айта албайт.

Ал арада соцтүйүндүн айрым колдонуучулары Орунбековду «улуттук кызыкчылыкка каршы келген маалымат таратты» деп айыпташууда. Айрымдары Маданият министрлиги Орунбековду «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык жоопко тартабы деп суроо салышууда.

Ал эми УКМКнын чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр эки тараптуу иликтенерин белгилешти. Маалыматта тажик тарап кыргызстандык милиция кызматкеринин унаасына келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр экени айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр иликтенет, абал туруктуу