«Орунбеков ордун бошотсун». Ак-Сайдын тургундары президентке кайрылышты

Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылып, президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранышты. Катты «Интербилим» коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева фейсбукка жарыялады.

Тургундар Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалымат чыгарганы үчүн мамлекеттик кызматты аркалаганга моралдык укугу жок деп жазышты.

«Дайырбек Орунбеков фейсбук барагына биздин Ак-Сайдын тургуну Дубанаев Жеңишти [чек арадагы чырга] күнөөлүү кылып, аны “мас” деп жазып чыкты. Ал такталбаган маалыматты тараткандыгы үчүн кечирим сурасын, ал адам бул жумушту аркалаганга моралдык укугу жок. Жумуштан кетсин» — дешкен алар.

Ошондой эле, аталган айылдын тургундары Орунбековдун билдирүүсүнөн улам Жеңиш Дубанаев менен жубайы Толгонайдын аброюна шек келтирилгенин айтып, Дубанаевдин бир тууганы чек арадагы жаңжалда, жерин коргоп курман болгонун баса белгилешкен.

Чек арадагы соңку жаңжал, Орунбековдун билдирүүсү

24-июлдун кечинде УКМКнын Чек ара кызматы Ак-Сай — Көк-Таш унаа жолунда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканын кабарлаган.

Мекемеден Ак-Сайдын тургундары бараткан унааны Ворух анклавынан Хожаи Аъло айылына бараткан тажик жарандары унаалары менен тоскону жаңжалга себеп болгонун айтышкан. Ошондой эле, тажик тараптагы Хожаи Аъло айылынын тургундары окуя болгон жерге барган кыргызстандык милиция кызматкерине кол салышканын билдирген.

Ал эми президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков фейсбук барагына чырдын чыгышына «кыргыз жаранынын мас абалда тажиктердин үлпөт унааларын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салганы» себеп болду деп жазган.

Кийин ал постун өчүрүп койгон. Билдирүүсү боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Ал эми соцтармакка тараган видеонун каарманы, Ак-Сай айылынын тургуну, чек арадагы чырда ур-токмокко кабылган Жеңишбек Дубанаев Орунбековдун «кыргыз жараны мас абалда болгон» деген билдирүүсүн төгүндөгөн. Ал тажик тарап «окуянын жарымын эле видеого тартып жарыялап, кыргыз тарапты күнөөлүү кылып койду» деп белгилеген.

Ал арада соцтүйүндүн айрым колдонуучулары Орунбековду «улуттук кызыкчылыкка каршы келген маалымат таратты» деп айыпташкан. Айрымдары Маданият министрлиги Орунбековду «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык жоопко тартабы деп суроо салышкан.

Ал эми УКМКнын чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр эки тараптуу иликтенерин белгилешкен. Маалыматта тажик тарап кыргызстандык милиция кызматкеринин унаасына келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр экени айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат

«Мени мас дегени болбогон сөз». Баткендин тургуну Орунбековдун билдирүүсүн төгүндөдү