Жалал-Абадда 9 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

Жалал-Абад шаарында 9 жаштагы өспүрүм бассейнге чөгүп каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» 31-июлда шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу кабар Жалал-Абад ШИИБне 25-июль саат 18:00 чамасында түшкөн. Анда облустук оорукананын дарыгери 9 жаштагы өспүрүм Жалал-Абад шаарында жайгашкан бассейиндердин биринде сууга түшүп жатып, кокусунан сууга чөгүп каза болгонун билдирген.

Окуя боюнча тергөө тобу тарабынан маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн. Ал эми өспүрүмдүн атасы окуя боюнча арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тарткан.

Аталган факт Жалал-Абад ШИИБине «кокустук» деп катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

12-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Южный каналында чөгүп кеткен 9 жана 7 жаштардагы эки өспүрүмдүн сөөгү табылган.

ИИМдин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылдын алгачкы 6 айында 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан.

Мындан улам ИИМдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы суу объктилериндеги коопсуздукту сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суудагы каналга чөгүп кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды

ИИМ: Акыркы алты айда 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапты