Автоунааны кайра каттоодо ОСАГО полиси милдеттүү болушу мүмкүн

Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин алууну милдеттендирүүнү сунуштады. Буга автокамсыздандыруу алган айдоочулардын саны төмөн болуп жатканы себеп болууда. Мындай сунушту мекеме 31-июлда жарыяланган токтом долбоорунда келтирген.

ОСАГО полисине суроо-талап көбөйүшү үчүн финкөзөмөл кызматы унааны кайра каттоодо талап кылынган милдеттүү документтердин катарына кошууну каалап жатат.

Документте жол кырсыгы катталган учурда автокамсыздандыруу кайсы чыгымдарга жардам берери көрсөтүлгөн. Алар:

унаа ээлери үчүн бардык финансылык тобокелдиктерди кыскартуу жана жабырлануучу тарапка зыянды төлөп берүү;
үчүнчү жактын транспортун калыбына келтирүү жана ремонттон өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок айдоочуларды социалдык коргоо менен камсыздоо.

Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 15 компания унааны камсыздандыруу кызматын көрсөтөт. Базалык камсыздандыруунун баасы — 1680 сом.

2023-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар үчүн ОСАГО полисин каттоо мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Мамфинкөзөмөлдөн камсыздандыруу милдетүү болорун жана Кыргызстанда транспорттун бардык түрүнө киргизилерин билдиришкен.

1-апрелден тартып ЖКККББ ОСАГО полиси жокторду айыпка жыга баштайт деп пландалган — жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом.

Бирок бир катар депутаттар жарандар аталган мөөнөткө чейин унаасын каттап жетишпей каларын жүйө келтирип, жылдыра туурууну суранышкан. Кийинчерээк парламент спикери Нарланбек Шакиев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын сунушуна макул болгонун билдирген. 2024-жылдын 1-январынан тарта айып пул салына баштайт.