Кочкордо кытайлык инвесторлор ачкан бут кийим тигүүчү ишкана иштеп баштады

Нарын облусунун Кочкор районунда кытайлык инвесторлор тарабынан «Жибек Жолу» бут кийим чыгаруучу ишканасы ачылды. Бул тууралуу 31-августта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда 63 жумуш орду түзүлүп, бир линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийим тигилип жатат. Анда иштегендердин 17си кытай мастерлери, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.

Фабриканы ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынса, ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган. Чийки зат Кытайдан ташылат, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция Орусияга экспорттолот.

Жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары тамак-аш берилет. Ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде салык түшөрү кошумчаланган.

Ушул жылдын аягына чейин дагы 2-3 линияны ишке киргизип, жумуш орундарын көбөйтүү планы бар экени айтылат.