Төө-Ашуудагы тоннелге коюлган чектөөлөр 2-августтан тартып алынат

Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелге киргизилген чектөө 2-август күнү саат 16:00дөн тартып алынат. Анткени жолго асфальт төшөө жумуштары мөөнөтүнөн эрте бүттү. Бул тууралуу 1-августта Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Министрликтин маалыматына ылайык, тоннелде электр өткөргүчтөрү толугу менен алмаштырып, жарык орнотулуп, боёлуп, ошондой эле бетон плиталары менен эски асфальт оңдоодон өттү. 

Ведомстодон белгилешкендей, болгону жол белгилерин түшүрүү жумуштары калды. Азыркы тапта кыймыл буга чейин бекиген график менен жүрүп жатат. 

Мындан тышкары, бир-эки күндө тоннелдин айланасын жана кире беришин көрктөндүрүү жумуштары башталат. Ошол эле маалда, транспорт кыймылына чектөө болбойт. 

Транспорт министрлиги Көлбаев атындагы тоннел 26-июлдан 6-августка чейин жолду асфальттоо үчүн суткасына 10 саатан жабыла турганын жарыялаган.Чектөө транспорттун бардык түрүнө коюлган, ал эми айдоочулар алдын ала белгиленген тизме менен токтотулууда.   

Кусеин Көлбаев атындагы тоннель 1962-жылы курулган. Деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы узундугу 2200 километрди түзөт. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, тоннел акыркы жолу 2000-жылы оңдоодон өткөн. Буга чейин айдоочулар тоннелдеги жолго нааразы болуп келишкен, ал эми июндун башында тоннелди суу каптаган

Автору Медина Шамшидинова.