Жумгал: Миң-Кушта «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо башталды

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында 1-августта «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иши башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Пезиденттин администрациясынын маалыматына ылайык, Миң-Кушта жалпы төрт калдык сактоочу жай бар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее». Бул уран калдыктарын сактаган жайлар адистерди көбүрөөк тынчсыздандырат, анткени ылдыйында жер көчкү жайгашкан.

Миң-Куштагы рекультивация иштери. Сүрөт: Президенттин администрациясы

«Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жай бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн», — деп билдиришти президенттин администрациясынан.

Буга чейин, 13-июлда президент Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү тургундары менен бул маселени талкуулаган. Анда объектидеги жумуш учурунда радиациялык фондун деңгээли нормадан жогорулай турган болсо, рекультивация иштери токтотулат деп билдирген. Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү калк рекултивация иштерине макулдугун билдирген.

Ошентип, 1-августта «Туюк-Суудагы» калдыктар «Дальнее» калдык сактоочу жайына ташыла баштаган. Рекултивация иштерин Жапаров өзү видеобайланыш аркылуу көзөмөлдөп турду.

Кыргызстанда калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иши «Уран өндүрүүнүн таасирине кабылган ЕврАзЭСтин мүчө өлкөлөрүнүн аймагын рекультивациялоо» программасынын алкагында жүрүп жатат. Программага Казакстан, Орусия жана Тажикстан да катышууда.

Кыргызстандагы рекультивациялоо иштерин Орусиялык «Росатом» мамлекеттик корпорациясы кыргыз ӨКМи менен биргеликте жүргүзүп жатат.