Биринчи май райсоту президенттин тууганын сентябрдын аягына чейин камакта калтырды

Биринчи май райондук соту ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, президенттин 32 жаштагы тууганы Улан Жапаровду камакта калтырды. Бул тууралуу 1- августа «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Соттун чечими менен ал ушул жылдын 26-сентябрына чейин Бишкектеги ТИЗО-1де камакта болот. 

Улан Жапаров кармалганы 6-июлда белгилүү болгон. Анда Биринчи май райсоту шектүүнү 26-июлга чейин камакка алган. Ал бажы кызматындагы коррупцияга шектелип кармалганы айтылган.

Өлкө башчынын тууганы кармалганы боюнча комментарий берип жатып, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин тууганынын кармалышы — «Кыргызстандагы сот адилеттигинин көрсөткүчү» деп билдирген

Президент Садыр Жапаров өзү бул тууралуу «Кабар» агенттигине курган маегинде комментарий берген. Өлкө башчысы «азыр заман башка, баарына бирдей мамиле болот» деп айткан.

«Менин иним эле деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: Бирге жаза, миңге сабак”», — деген Жапаров. 

Автору: Медина Шамшидинова