Видео: Кара-Кулжанын Кайың-Талаа айылында мектеп өрттөнүп жатат

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылындагы мектепте өрт чыкты. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.

ӨКМ тилсиз жоо 15:28де курчоого алынганын маалымдап, кийинчерээк кенен маалымат берүүнү убадалады.

Социалдык тармактар аркылуу тараган видеодо бир кабаттуу мектепти толугу менен жалын каптаганын көрүүгө болот.

Министрликтен 2-август саат 08:00го карата өлкө боюнча 27 өрт кырсыгы катталып, 28 күжүрмөн тартылганын кошумчалашты.

Буга чейин, 3-июлда Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы «Боорукердик» карылар жана балдар үйүндө өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен жалпы 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн. Жабыркагандар болгон эмес.