ИИМ: Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан киши кармалды

Кармалган киши

Милиция кызматкерлери Бишкек шаарында айдоочуну тапанча менен коркуткан шектүүнү кармады. Бул тууралуу 6-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ага чейин соцтүйүндө белгисиз бирөө унаадагы кишини тапанча менен коркутканы тартылган видео тараган. Анда шектүү «сүйлөшкөн кызымды сүзүп кете жаздадың» деп айдоочуну сөккөнүн көрүүгө болот.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Черный список KG 🇰🇬 ❌ (@black_list.kg)

Ошондой эле ал «өзүңө маселе издебей унааңа отуруп кетип кал» деп айдоочуну коркуткан.

Бишкек шаардык милициясы окуяга тиешеси бар 34 жаштагы кишини кармап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Милициядан айдоочу кармалган шектүүгө карата «доосу жок экенин» айтып, арыз жазуудан баш тартканын белгилешти.

«Политклиника» басылмасы өздүк булактарына таянып, тапанча менен коркуткан киши «Манас» эл аралык аэропортуна караштуу ИНТЭК туунду компаниясынын директору Тилек Кадырбердиев экенин жазды.

Бул боюнча Кадырбердиев жана аталган компаниянын басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.