Кыргыз балбандары Сербияда өткөн мелдеште үч алтын, бир күмүш жана эки коло медаль утушту

5-августта кыргызстандык балбандар Сербияда өткөн Ljubomir Ivanovic Gedza Memorial эл аралык мелдешинде грек-рим күрөшү боюнча үч алтын, бир күмүш жана эки коло медаль багындырышты.

Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашып, финалда венгриялык балбан Эрик Торбаны 8:0 эсебинде жеңди.

Ал эми Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта беттеш өткөрүп, финалдык беттеште венгриялык спортчу Иштван Ванцаны 5:4 эсебинде утту.

Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмактык категорияда күрөшүп, финалда орусиялык Адлет Тюлюбаевди жеңди - экөө бирден упай алып, акыркысын Махмудов алганына байланыштуу жеңүүчү деп табылды.

Мындан тышкары күмүш медалга Бексултан Махмудов, ал эми коло байгеге Амантур Исмаилов менен Үзүр Жусупбеков татыды.