Видео: Ташиев чатырда жашаган беш балалуу аялга жаңы үйдүн ачкычын тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Октябрь айылында беш баласы менен чатырда жашаган Айзада Абдуллаевага жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Region TV’нын 5-августта жарыялаган видеосюжетинде айтылат.

Үйдүн курулушуна канча каражат кеткени айтылган эмес, бирок видеодо Ташиев үй беш айда курулганын билдирген. Төрт бөлмөлүү үй жылуулук системасы менен жабдылган.

Ташиев беш балалуу аялга үй куруп берүү убадасын апрель айында берген. Бул Bulak.kg басылмасы Абдуллаева үйү жок болгондуктан балдары менен айыл тургундарынын биринин короосунда чатырда жашоого аргасыз болуп атканы тууралуу видеоматериал чыгаргандан кийин болгон.

Бул Ташиев оор турмуштук шартта жашап аткандарга ачык жардам берип жаткан биринчи эле учур эмес. Бирок ошол эле кезде УКМКнын башчысы андай жарандарга кайсыл каражат булактарынан жардам көрсөтүп жатканы коомчулукка айтыла бербейт.

2022-жылдын мартында Ташиев бөйрөгү ооруган Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Гүлжан Абдыразакка да үй куруп бергени белгилүү болгон. Анда да каражат булагы айтылган эмес. Ошондой эле ал Сузак районунун Үлгү айылында жашаган жалгыз бой аял Гүлшайыр Ташполотовага да үй куруп берген. Курулуш 33 күндө бүткөн, бирок мында да каржы булагы белгисиз калган.