Орусияда аялын балдарынын көзүнчө өлтүргөн кыргызстандык киши кармалды

2-августта Орусиянын Москвага жакын Дмитров шаарында 45 жаштагы кыргызстандык киши 44 жаштагы аялын балдарынын көзүнчө мыкаачылык менен өлтүрдү. Маалыматты Тышкы иштер министрлиги 7-августта тастыктады.

Кылмыш тууралуу үй-бүлөнүн 18 жаштагы улуу кызы соцтармактарда айтып чыккан. Анын айтымында, 2-август күнү атасы батирде апасына 3-4 жолу чоң бычак сайган. Аял өлүм алдында жатканда шектүү агасын чакырып, документтерди жана акчаларын чогултуп жүрүшкөн.

«Экөө тең тынч эле документтерди, ар кандай нерселерди чогултуп, апамдын үстүнөн таштандыдай эле аттап жүрүштү. Аларды үйдүн документтери менен акча гана кызыктырды», — деген улуу кызы.

Ал апасынын өлүмүнө 9, 11, жана 16 жаштагы жашы жете элек бир туугандары менен көргөнүн белгиледи.

«Биз беш балабыз. Азыр үчөөнү Орусиядагы кризистик борборго алып кетишти. Мен апамдын эжеси менен апамдын сөөгүн туулуп өскөн айылына алып келип, апамдын туугандары менен жерге бердик. Атам тараптан эч ким көңүл айтып чалып да койгон жок, тескерисинче карындашы “эмне үчүн милиция чакырдыңар” деп бизди урушту», — деп жазган ал.

Кыз коомчулуктан жардам сурап, Москвадагы юристтерди, адвокаттарды көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Ал эми 4-августта Орусиянын тергөө комитети Дмитров шаарында аялын өлтүрүүгө шектелип киши кармалганын кабарлаган. Алдын ала маалымат боюнча чыр-чатак кызганычтан улам келип чыккан. Бир катар экспертизалар дайындалып, сурак жүрүп жатканы айтылган.

7-августта Тышкы иштер министрлигинен маркум жана шектүү кыргызстандыктар экенин, ошондой эле аларда Орусиянын да жарандыгы болгонун билдиришти.

Министрликтен консулдук маркумдун жакындарына керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Күйөөсү зомбулук көрсөтүп жүргөн». Казакстанда кыргызстандык аял асынып алганы кабарланды