Ош: Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда алты кишиден сибирь жарасы аныкталды

Сибирь жарасы. Сүрөт: «Турмуш»

Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун 6 тургуну сибирь жарасын жуктуруп, ооруканага түштү. Бул тууралуу «Клоопко» 8-августта облустук санэпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккан Өзгөн районунун үч тургуну учурда Ош шаарында, ал эми Кара-Суудан жуктурган тургундар райондук аймактык ооруканада дарыланып жатышат.

«Алты киши тең ооруну үй шартында союлган малдан жугузуп алышып, 31-июль күнү кайрылышкан. Андан сырткары, жетинчи учур катары Өзгөндөгү үй-бүлөнүн кичинекей баласына клиникалык диагноз коюлду, бирок лабораториялык ырастама бериле элек», — деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн жылдын 14-июлунда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын төрт тургунунда сибирь жарасынын белгилери байкалып, алар ооруканага түшкөн

Жабыр тарткандар айылда уй союлуп, эт алышканын айтып берген. Кийинчерээк ветеринарлар союлган малдын эти толук жок кылынганын белгилешкен. Эт алган дагы он үй-бүлөдөгү 53 адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөрүлгөн.

15-июлда илдеттен улам Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылына ветеринардык карантин киргизилип, айылдан мал-жандыктарды жана анын азыктарын сыртка чыгаруу убактылуу чектөөгө алынган.

Сибирь жарасы (күйдүргү же сибирь кулгунасы) — жаныбарлардан адамдарга жугуучу коркунучтуу, жугуштуу оору. Анын кесепетинен шишик менен жара пайда болот, эгерде дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал. Бул оору менен ооруган малдын сөөгүн өрттөп, терең казылган чуңкурга көмүп, сыртын бетондоп, айланасын тосуу керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас: Сибирь жарасынан улам Шекер айылына ветеринардык карантин киргизилди