Талас: Сибирь жарасынан улам Шекер айылына ветеринардык карантин киргизилди

Сибирь жарасынан улам Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылына ветеринардык карантин киргизилди. Бул тууралуу Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Чомотоевге таянып «Азаттык» үналгысы жазды.

Чомотоев чектөөнүн тургундарга тиешеси жок экенин айтып, айылдан мал-жандыктар сыртка чыгарылбай турганын белгиледи.

«Айылдын кире беришине ветеринардык пост коюлду. Эртең мал базар болот, айылдагы малды сыртка чыгарбайбыз. Ошондой эле сүт менен этти да айылдан алып чыгууга убактылуу чектөө киргиздик», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын төрт тургунунда сибирь жарасынын белгилери байкалып, алар ооруканага түшкөн.

Жабыр тарткандар айылда уй союлуп, эт алышканын айтып берген. Кийинчерэк ветеринарлар союлган малдын эти толук жок кылынганын белгилешкен. Учурда эт алган дагы он үй-бүлөдөгү 53 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Сибирь жарасы (күйдүргү же сибирь кулгунасы) — жаныбарлардан адамдарга жугуучу коркунучтуу, жугуштуу оору. Анын кесепетинен шишик менен жара пайда болот, эгерде дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал. Бул оору менен ооруган малдын сөөгүн өрттөп, терең казылган чуңкурга көмүп, сыртын бетондоп, айланасын тосуу керек.

Өткөн жылдын 10-сентябрында Аксы районунда сибирь жарасынын белгилери байкалып жети адам ооруканага түшкөн. Эки бейтаптын лабораториялык анализинен сибирь жарасы тастыкталган. Илдет ылаңдаган уйдан тараганы аныкталган. Мындан улам, Аксы районундагы Жүзүмжан айылы бир айга карантинге жабылган.

Дагы окуңуз:

Аксы: Сибирь жарасы катталган айыл карантинге жабылды