Сауд Арабиясы кыргызстандыктар үчүн виза режимин жеңилдетти

Эми кыргызстандыктар Сауд Арабияга электрондук конок визасы менен кире алышат. Электрондук конок визасын кыргызстандыктар онлайн портал аркылуу арыз таштап же Сауд Арабиясынын аэропортуна келгенден кийин алса болот. Бул тууралуу 7-августта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди

Электрондук виза (eVisa) — бул бир жылдык мөөнөткө берилүүчү көп жолку виза, ал өлкөгө киргендерге 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Мындай визаны туристтик же туризмге байланыштуу иш-чараларга катышуу, ошондой эле үй-бүлөгө жана туугандарга баруу, эс алуу жана умра зыяратын аткаруу максатында алса болот. Бирок бул ажылыкка барууга  уруксат бербейт. 

Виза боюнча ушундай эле мүмкүнчүлүктөр Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Албания, Мальдив жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн жарандарына да берилген

Сауд Арабиянын Туризм министрлигинин маалыматына ылайык, мындай өзгөртүүлөр падышалыктагы туризмди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында кабыл алынган. Арабия бийлиги аталган стратегия боюнча 2030-жылга карата 100 млн турист тартууну көздөйт.  

Автору Медина Шамшидинова