«Көлбаевдин УКТ мүчөсү». Аялды коркутуп, опузалап акча алып жүргөн киши кармалды

8-августта УКМКнын кызматкерлери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн аял кишини сабап, опузалап акча алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган киши 39 жаштагы Нарын облусунун тургуну. Ал акыркы алты ай бою күч колдонуп, зомбулук көрсөтөм деп коркутуп жабырлануучудан дайыма акча алып турган.

Атайын кызматтан шектүү мурда үч жолу соттолгон жана учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жүргөнүн кошумчалашты.

Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Жазаларды аткаруу кызматынан УКМК кабарлаган инициалга дал келген адам 2021-жылдын октябрында жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу абактан бошотулганын айтышты.

Буга чейин, 14-июлда УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсүн «жалган ишкердик» кылууга шектеп кармаган. Шектүүлөр мамлекетке 151 миллион сом зыян келтиргени айтылган.