Ибраев: Кеминдеги майнинг ферма Кыргызстандын электр энергиясынан баш тартты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Азаттыкка» курган маегинде Чүй облусунун Кемин шаарындагы майнинг ферма Кыргызстандын электр энергиясын алуудан баш тартканын билдирди.

«“Быстровка” көмөкчү чордонунда кубаттуулук кору бар, ошондуктан биз уруксат бергенбиз. Беш мегаваттан баштаганбыз, бүгүнкү күндө 25 мегаватты колдонулуп жатат — аны да төлөшөт. Майнинг компания көмөкчү чордон куруп, биздики менен байланыштырган электр чубалгыларын тарткан. Алар ноябрдан бери иштеп жатышат жана бүгүнкү күндө 480 млн сом төлөштү. Бул жерде эч кандай уурулук жок. Бирок ал иликтөөдөн кийин компания 1-августтан тарта кызматташуудан баш тартты. Биз акчадан кол жууп жатабыз», — деди Ибраев.

Министр аталган компания 1-августтан тарта «Соларкоин» электр кубатын Казакстандан аларын, Кыргызстанга транзит үчүн 23 тыйын төлөй турганын кошумчалады. Министрдин айтымында, бул болгону 17 млн сом гана алып келет.

Мындан тышкары, Ибраев майнинг фермалар өлкөнүн башка облустарында да иштеп жатат деген маалыматты четке какты. Ал учурда Энергетика министрлиги орусиялык «МБТ Строй» компаниясы менен Камбар-Ата-2 ГЭСтен 30 мегаватты берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүп жатканын эске салды.

«Клооп» буга чейин аталган компания тууралуу иликтөөсүндө айтып берген. Иликтөөдө Энергетика министрлиги Бакиевдердин кланына байланышы бар «МБТ Строй» компаниясы менен келишим түзгөнү айтылган. Мекеме 1,5 млрд сомго ферманы Камбар-Ата-2 ГЭСтин тармагына кошууга уруксат берген.

Бул акча көмөкчү чордондун трансформаторун алмаштырууга, жоон зымдарды коюга жана ЛЭПти бекемдөөгө жумшалат. Бул үчүн инвестор бошотулган 30 мегаватты 10 жыл мөөнөткө ар бир киловаттын 60 тыйындан пайдаланууга алат, бул калк үчүн электр энергиясын чектөөсүз пайдалануу тарифинен да арзан. Компания бул электр энергиясын майнингге пайдаланууну пландоодо.

Кеминдеги майнинг-ферма

Буга чейин «Клооп» менен «Азаттык» Кеминдеги «Соларкоин» майнинг компаниясы тууралуу эки башка иликтөө жарыялаган. Иликтөөлөрдө энергетикалык каатчылыктын шартында өлкөдөгү майнинг фермалар чоң көлөмдө электр энертиясын пайдаланууну улантып жатканы тууралуу сөз болгон. Бул көлөм Нарын облусуна бир жумага жетмек. Ошондой эле иликтөөчүлөр майнинг ферманын мамлекеттик энергокомпаниялардын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен байланышын аныктап чыгышкан.

Иликтөө чыккандан кийин президент Садыр Жапаров Кеминде майнинг ферма бар экенин ырастаган. Анда өлкө башчысы майнинг ферма электр энергиясын эң кымбат баада — 1 кВт/саатын 5 сом 4 тыйындан сатып алып жатканын айткан. Жапаровдун айтымында, «Кемин подстанциясынын күч кубаты [майнинг ферманы камсыздоого] жетет».

Андан тышкары өлкө башчысы Камбар-Ата-2 ГЭСинде майнинг ферманын курулуп жатканы боюнча да комментарий берген. Буга чейин «Клооп» өз иликтөөсүндө аталган компаниянын тактан кулатылган президент Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин айтып берген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө электр энергиясы тартыштыгына карабастан майнинг фермалар менен келишимдерди түзүп келет. Өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыктан улам, 1-августтан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Президенттин жарлыгына ылайык, ал 2026-жылдын аягына чейин уланат.

Ал эми 2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.