Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) быйыл 1-сентябрдан тартып өзүнүн сурамы менен «Яндекс» такси сервисинин кардарлардынын сапарлары тууралуу маалыматтарды ала баштайт. Бул тууралуу «Медуза» басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, ФСБ маалыматтарга ушундай жеткиликтүүлүктү орус өкмөтүнүн токтомуна ылайык алат. Бул документ боюнча, ФКК «Маалымат жайылтуучу уюмдар» реестрине кирген такси сервистеринин базаларынан маалыматты күнү-түнү алып туруу укугуна ээ болот.
Ошол эле учурда, «Медузанын» белгилешинче, бардык ушул сыяктуу орусиялык такси сервистеринин ичинен аталган реестрге «Яндекс Go» гана киргизилген. Бул сервис ушул эле аталышы менен Кыргызстанда дагы иштейт.
«Яндекстин» эки кызматкери басылмага жашыруун шарты менен такси сервисинин маалыматтары азыркы тапта Москва, Рязань жана Владимир облустарында жайгашкан Орусиянын үч дата-борборунда сакталып жатканын айтып беришкен.
Мындан тышкары, басылманын өздүк булактары такси сервисинин маалыматтары «Яндекстин» бардык дата-борборлорунда Орусиядагы жана чет өлкөдөгү сапарлар деп бөлүнбөстөн үстү-үстүнө кайталанып көчүрүлүп турганын билдиришкен. Компаниянын мурдагы кызматкерлеринин бири басылмага бул сервистин үзгүлтүккө учурабай иштеп турушу үчүн керек деп түшүндүргөн.
«Яндекстин» технологиялар боюнча мурдагы директору Григорий Бакунов «Медузага» курган маегинде ФККнын жүргүнчүлөрдүн сапарлары жөнүндө маалыматтарды алып турууга эки жолу бар экенин айтып берген: биринчиси — сервистин бардык трафиктеринин көчүрмөсүн алуу, ал эми экинчиси — атайын байланыш каналына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу, ал жакка жүргүнчүлөрдүн ФККны кызыктырган гана сапарлары тууралуу маалыматтар жүктөлүп турат.
Бакунов ФСБ маалыматтарды өзүнчө чыгарып алуу боюнча вариантты колдонгону оң болот деп эсептейт. Бирок ошол эле кезде Бакунов бул вариант орус аскерлери Украинага толук масштабда кол сала баштагандан кийин КМШ өлкөлөрүнө көчүп кеткен орусиялык жарандар үчүн опурталдуу болуп калышы ыктымал деп ишенет.
«Массивде Кыргызстандагы, Казакстандагы, Армения, Грузиядагы жана башка орусиялыктар согуш башталгандан кийин кеткен өлкөлөрдөгү такси боюнча маалыматтар бар. Бул кооптуу, Финляндия, Норвегия жана Алжир боюнча маалыматтарга ээ болууга карагандан да маанилүү дейт элем», — деген ал.
«Медузанын» журналисттери мындай божомолдор жөн жерден айтылган жок деп эсептешет. Алар Кыргызстандан депортацияланган согушка каршы орусиялык активист Алексей Рожковду жана «Левый блок» коомдук кыймылынын мүчөсү Лев Скорякиндин кармалышын мисал келтиришкен.
ФКК кандай маалыматтарга ээ болот?
«Медузанын» маалыматына ылайык, теориялык жактан алганда Орусиянын атайын кызматы такси кызматы чогулткан маалыматтардын баарын ала алат. Мисалга алсак, Yango’нун («Яндекс» сервиси Финляндияда ушундай бренд менен иштейт) купуялуулук жөнүндөгү билдирүүсүндө мындай маалыматтардын тизмеси келтирилген.
Андай маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
- IP-дарек;
- Түзмөктүн идентификатору;
- Анын тиби жана үлгүсү;
- Колдонулган операциялык система;
- Браузер же мобилдик колдонмо тууралуу маалыматтар.
Ошондой эле адам компанияга өзү берген маалыматтар бар:
- аты-жөнү;
- телефон номери;
- электрондук дареги;
- банктык маалыматтар;
- колдонуучунун комментарийлери;
- жана эң негизгиси — сапарлардын даректери.
«Яндекс» эмне дейт?
«Медузанын» материалы чыккандан кийин «Яндекс» компаниясы «жогорку жүктөм менен иштеген азыркы заманбап интернет-сервистеринин көпчүлүгү мындайча иштейт, маалыматтардын көчүрмөлөрүнүн көбү шифрланган түрдө ар башка дата-борборлордо сакталат»: «ири интернет-сервистер иштеп аткан өлкөсүндө маалыматтарды өлкөлөр боюнча өз-өзүнчө бөлүп сактабайт. Ошол эле учурда маалыматтарды алууга жеткиликтүүлүк бир гана географиялык белгиси боюнча, жергиликтүү мыйзамдарда жазылган процедуралар боюнча ишке ашырыларын» билдирди.
Компания «сапарлар тууралуу маалыматтарды сапар кайсыл өлкөдө болсо ошол гана өлкөнүн атайын кызматы, ошондо да жергиликтүү мыйзамдарда жазылган процедуралар боюнча ала аларын кошумчалап, «бул логика» 1-сентябрдан кийин дее «өзгөрүүсүз каларын» убадалады.
Ал эми «Яндекстин» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн Economist.kg басылмасына Орусиянын мыйзамдары Кыргызстанга жайылтылбайт деп билдиришти.
Компаниянын маалыматына ылайык, сервис кардарларынын маалыматтарын Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык гана иштетет.
«Чет өлкөлүк (анын ичинде орусиялык) мамлекеттик органдар сервистин Кыргызтандагы ишине байланыштуу маалыматтарын расмий кайрылуунун негизинде жана эл аралык процедуралардын алкагында гана сурата алат», — деп белгилешти «Яндекстен».