Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 103 жаштагы ардагери көз жумду

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай Алиев. Сүрөт: Ош облустук администрациясы

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай Алиев 103 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 8-августта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алиев Суранбай — 1920-жылдын 10-майында Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу айылында жарык дүйнөгө келген.

Мектеп жашына жеткенде ошол эле айылдагы башталгыч мектепте билим алган. Өспүрүм кезинен тарта жыйырма жашка чейин колхоздо иштеген.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, Советтер Союзунун Саратов, Волгоград, Калининград, Ростов-на-Дону шаарларын коргоого жана бошотууга катышкан.

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.

1944-жылдын декабрь айында немецтик фашисттер менен болгон катуу кармашта оң колунан оор жаракат алып, госпиталга жаткырылган. Кийинчерээк согуштан кайтып келип, туулган айылындагы колхоздо кампачы, бир нече жылдар бою чабан, жылкычы болуп эмгектенип, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда малды бордоп семиртүү комплексинде иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган. Жубайы Мария Мырзаева экөө 4 уул, 4 кыздын ата-энеси болуп, 80 ге жакын небере-чебере көрүшкөн.

Ардагердин ысымы Кара-Суу районундагы Медресе айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон төлөндү