ЖАК Көлбаевди куттуктаган сүрөт таркап кеткенден кийин кызматтык иликтөө баштады

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Новопокровка айылындагы №3 күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагындагылардын дасторкон үстүндөгү сүрөтү таркап кеткенден кийин кызматтык иликтөө баштады. Бул тууралуу «Клоопко» мекемеден билдиришти. 

Камактагылар кримтөбөл Камчы Көлбаевди өзгөчө куттуктаганы тартылган сүрөттү Kaktus.media басылмасы жарыялаган. Сүрөттөн абактагылар Көлбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды кийип дасторкон үстүндө отурганын көрүүгө болот.   

Басылманын маалыматына ылайык, 3-августта кримтөбөлдүн туулган күнү болгон. Анда камактагылар Көлбаевди ушинтип куттукташкан.