Көлбаевдин элүү ыраңы. №3 колонияда жаткандар кримтөбөлдү туулган күнү менен куттукташты

Новопокровка айылындагы №3 катаал режимдеги түзөтүү колониясында камакта жаткандар кримтөбөл Камчы Көлбаевге өзгөчө белек тартуулашты. Kaktus.media басылмасы жарыялаган сүрөттө абактагылар Көлбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды кийип дасторкон үстүндө отурганын көрүүгө болот.   

№3 колонияда жазасын өтөп жаткандар

Басылманын маалыматына ылайык, 3-августта кримтөбөлдүн туулган күнү болгон. Анда камактагылар Көлбаевди ушундай куттукташкан. 

Кыргызстанда Көлбаев кримтөбөл катары таанымал. Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт

 Көлбаев өлкөдө «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал. Ал бир нече жолу кармалып, кайра ар кандай мыйзам бузуулар менен бошотулган. 

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Кийин Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында кармалган. УКМК Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда. 

Ошол эле жылдын ноябрында ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон. Андан соң  2021-жылдын 2-мартында Бишкек шаардык соту Көлбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны эч жакка кетпөө шарты менен бошоткон.

Андан кийин 2022-жылдын ноябрында Көлбаев өзү жана адамдардын тобу тиешелүү уруксат кагаздары жок чек ара аймагында жүргөнү үчүн кайрадан кармалган. УКМК кармалгандар боюнча протокол түзгөндөн соң бошотулган.