Бишкек мэриясы троллейбус айдоочулары иш таштоону токтотпосо алар жумуштан бошотуларын эскертти

Бишкекте 11-августта 70ке жакын троллейбус айдоочусу жумушка чыкпай, Бишкек троллейбус башкармалыгын (БТБ) алдына митингге чыгышты. Алар эмгек акыларын көтөрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу «АКИpress» басылмасы билдирди

Бишкектеги троллейбус айдоочуларынын иш таштоосу. Сүрөт: Акипресс

Нааразылыкка чогулган айдоочулар менен БТБнын башчысы Талант Капаров, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Айдарбек Токонов жана вице-мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу Максатбек Сазыкулов жолугушту.  

Буга чейин Капаров айдоочулардын маянанын аздыгына байланыштуу жумуштан кетүү боюнча жапырт арыз жазууларына реакциясын билдирип, троллейбус айдагандардын маянасын 50 миң сомго чейин көтөрүп берүүнү убадалаган. Бирок, анын айтымында, кээ бир айдоочулар ага да макул болбой айлыкты 60-70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда.

Митингчилер Капаровдун убадасы боюнча 24.kg басылмасына комментарий беришти.  

«Кечээ директор айлыгыбызды 50 миң сомго чейин көтөрөбүз деген. Бирок колубузга ошончону беришпейт, бардык төлөмдөр жана салыктар алынгандан кийин колубузга аз эле тийип калат», — дейт айдоочулар. 

Алар жетекичилик бир канча кызматкерди жумуштан бошотконун да кошумчалашты. Мындан тышкары, айдоочулар жатакана жана батир маселесин көтөрүштү. 

Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Сазыкулов мэрияда жыйын өтүп, шаардык кызматтардын жумушчулары үчүн үйлөрдү куруу зарылчылыгы талкууланганын айтып берди. Ал имараттардын макети даяр экенин, аларды куруу үчүн жер жана каржы маселеси каралып атканын кошумчалады. 

«Кийинки жылы үч үй салынат, батирлер биринчи кезекте транспорт жана турак жай коммуналдык чарба кызматтарынын жумушчуларына берилет», — деди Сазыкулов. 

Анын менен катар чиновник иш таштоо токтобосо, айдоочулар жумуштан бошотулуп, ордуна жаңы кызматкерлер алынарын белгиледи. 

Ага чейин эле ЖМК менен соцтүйүндөрдө аялдамалардын жанынан бош өтүп жаткан троллейбустар тууралуу маалымат тараган. 

10-августта Бишкекте 100гө жакын троллейбус айдоочусу иштен кетүүгө арыз беришкен — алар бийликтен маяналарын 60 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Айдоочулардын азыркы бир айлык маянасы 20-28 миң сомду түзөт.

Айтору Медина Шамшидинова