Ысык-Көлдө үч унаа кырсыкка учурап, бир киши көз жумду

10-августта Ысык-Көлдө үч авто унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, окуя болгон жерде бир киши көз жумду. Бул тууралуу 11-августта «Клоопко» ИИМдин кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 14-чакырымында болгон кырсыктан алты киши жаракат алды.

Алдын-ала маалыматка караганда, Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаа батышты көздөй каршы тилкеге чыгып, тез ылдамдык менен бара жатканда токтоп турган Chevrolet жана Lexus LX470 үлгүсүндөгү эки унааны сүзгөн.

Volkswagen Vento унаасынын жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. 

Учурда тийиштүү материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Кайгуул кызматы жол кырсыктарынын 90%ы айдоочулардын күнөөсү менен болуп жатканын билдирди. Ошондой эле айдоочуларга каршы тилкеге чыкпай, ылдамдыкты ашырбай, жол эрежелерин сактоо менен унаа башкарууну эскертет.

Буга чейин, 19-июлда, Бишкектин Ак-Ордо-3 конушундагы жүргүнчү ташыган автобус менен оор жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыкта эки адам каза болгон. Кырсыкта кичи автобустун ичиндеги 23 адам ар кандай жаракаттарды алып, 11 адам ооруканага жаткырылган.

Чүй облустук милициясы жүк ташыган унаанын ээси кармалганын, кырсыкты Сокулук РИИБи териштирип жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ак-Ордо-3 конушундагы оор жүк ташуучу унаа менен жол кырсыгында жабыркаган дагы бир адам каза болду