Кара-Суу: Көпүрөдөгү суу түтүгү кулап, эки адам каза болду

12-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгү кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:40 чамасында Алай районунун 47 жаштагы тургуну жүк ташуучу J-FANG үлгүсүндөгү унаа менен кетип баратып, жолдун үстүндөгү суу түтүгүн сүзүп алган.

Натыйжада түтүк каршы тилкеде келе жаткан «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшкөн.

«Унаанын алдында олтурган эки киши окуя болгон жерде каза болгон, ал эми унаанын артында бара жаткан үч жүргүнчү (экөө жаш бала) жаракат алып, ооруканага жеткирилген», — деп белгилешти милициядан.

Бул боюнча соттук-медициналык, жол эрежесинин бузулушу боюнча соттуук-автотехникалык, трассологиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Суу түтүгүн сүзгөн унаага чиркелген цистернадагы мамлекеттик номер Кытайга таандык экени, унаа кыргыз-кытай чек арасынан келе жатканы айтылууда.