Ош: Аэропорттун учуп-конуу тилкесиндеги «эрип кеткен» асфальттын ордуна жаңысы төшөлдү

«Ош» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесиндеги бузулган асфальттын ордуна жаңысы төшөлдү. Бул тууралуу 11-августта «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Буга чейин «Ош» аэропортунун учуп-конуу тилкесиндеги жаңы төшөлгөн асфальттын «эрип кеткени» тууралуу видео тарап, коомдо нааразычылык жаралган.

«Манас» аэропорттунан 1-июлда күндүн катуу ысышы Оштогу аэропорттун учуп-конуу тилкесинин сүрүлүү коэффицентине таасирин тийгизип, учактарга коркунуч жаратканын белгилешти. Алардын айтымында, маселе ошол күнү чечилген.

«Учурда учуу тилкеси бардык техникалык талаптарга жооп берип, каттамдар үчүн ачык. Оңдоо иштерин жүргүзгөн жалданма ишкана бардык кемчиликти жойгон. Бузулган асфальт алынып, ордуна бардык талапка жооп берген жаңысы төшөлдү», — деп белгилешти аэропорттон.