Башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык көк бөрү бирикмесинин президенти болду

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Мындай чечим бирикменин 13-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, жыйынга 9 мамлекеттен келген 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Анда Эл аралык көк бөрү федерациясы ассоциация болуп түзүлдү.

Бирикменин вице-президенти болуп Казакстандын «Жаппай көк пар» уюмунун жетекчиси Гани Дирманов, Өзбекстандын «Улок кокпари» федерациясынын төрагасы Равшанбек Адхамов жана Орусиянын Алтай республикасынын «Көк бөрү, ат оюндары» уюмунун президенти Эркин Тузачинов шайланды.

Ошондой эле көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө салым кошкону үчүн Эл аралык көк бөрү федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге бирикменин «Ардактуу президенти» наамы ыйгарылды.

Зулушев деген ким?

Зулушев 2000-жылдан тартып прокуратура тармагында түрдүү кызматтарда иштеп, андан соң судьялыкты аркалаган. 2007-жылдан тартып Чүй облусунун Сокулук райсотунун судьясы болуп, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Ошол эле жылы Зулушев бийликти күч менен басып алууга шектелген Камчыбек Ташиевдин ишин караган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Зулушевди жана судья Медербек Сатыевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан бошоткон.

Ал учурда Зулушев жана Сатыев «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго актоо өкүмүн чыгарган соттор коллегиясынын курамында болгон.

«Ата-Журттун» үч депутатына бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айып тагылган — Ташиев «Кумтөр» алтын кени боюнча нааразычылык акциясында Ак үйдүн тосмосун ашып түшүүгө аракет кылган.

2015-жылы Зулушев «Республика — Ата-Журттун» курамында шайлоого барып, бирок партияга добуш алып келе алган эмес. Бирок ал Жогорку сотко чейин арызданып, акыры депутаттык мандатка ээ болгон.

2018-жылы Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешкен — депутаттар «Президенттин ишмердиги жөнүндө» мыйзамы өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептешкен.

Бул мыйзам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга негиз болгон. Көп өтпөй Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, экс-президент макамынан ажыратылган.

2020-жылдын октябрында ошол кездеги премьер-министрдин жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Зулушевди башкы прокурор кылып дайындаган.