Кыргызстандык спортчулар КМШ оюндарында жалпы 27 медаль багындырды

Медалдар. Сүрөт: Лидская Газета

Кыргызстандык спортчулар Беларуста өткөн экинчи жолку КМШ оюндарында жалпы 27 медаль багындырып, командалык эсепте жетинчи орунду ээледи. Бул тууралуу маалымат 14-августта аталган турнирдин сайтына жарыяланды.

Мелдеш 4-13-август күндөрү өтүп, ага жалпысынын 22 өлкөдөн келген 2000ден ашык спортчу катышты. Турнирге Кыргызстандан 200дөн ашык катышуучу барып, спорттун 17 түрү боюнча күч сынашты.

Грек-рим күрөшү 

КМШ оюндарынын алгачкы беттеши грек-рим күрөшүнөн башталды. Анда 55 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашкан Улан Муратбек уулу күмүш медаль тагынды.

Ал эми коло байгени Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Баяман Каримов (63 кг), Самат Аманат уулу (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг) жана Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) камсыздашты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Оор атлетика

Оор атлетика боюнча коло медалды Муратбек Ишенбек уулу багындырды. Спортчу 67 килограммга чейинки салмакта жарышка түштү.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Эркин күрөш

Эркин күрөш боюнча беттеште эки балбан коло медаль жеңди. Мухаммад Расул Салиев (57 кг) армениялык балбанды 13:2 эсебинде жеңсе, Абдумалик Карачов (61 кг) түркмөнстандык спортчуну 10:0 эсебинде утту.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Бокс

Бокс боюнча кыргыз курамасы үч күмүш, бир коло медаль утту. Зафарбек Камилов (48 кг), Алмаз Орозбеков (60 кг) жана Мухаммадазиз Закиров (80 кг) күмүш медалга ээ болсо, Эмир Кылычбеков (57 кг) коло байгеге татыды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Тайбокс

Тайбокс боюнча курама жалпы беш коло медалга ээ болду. Учүнчү орунду Алмагүл Жоробекова (61 кг), Жеңишбек Парпы уулу (51 кг), Раатбек Нурмаматов (54 кг), Адилет Календеров (57 кг) жана Руслан Данияр уулу (67 кг) багындырды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Кичи футбол

Кичи футбол боюнча кыргыз курамасы алгачкы оюнунда Орусияга жеңилип, андан соң Азербайжанды 5:2 эсебинде утту. Жарым финалда Беларус командасы менен 1:1 эсебинде тең чыгып, финалда Өзбекстанды 7:2 эсебинде жеңип, 2-орунду ээледи.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Самбо

Самбо боюнча Кайрат Жусуп уулу (58 кг) менен Жамалбек Асылбек уулу (88 кг) күмүш медаль тагынды. Ал эми кыздар арасында Динара Камчыбекова (72 кг) менен Акак Үсөн кызы (54 кг) коло байгени багындырышты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Каратэ-до

Каратэ-до боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Екатерина Руненко 68 килограмм салмакта күч сынашып, коло медалга татыды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Кыз-келиндер күрөшү

Ал эми оюндардын акыркы күнү кыз-келиндер күрөшү менен жыйынтыкталды. Кыргызстандан барган балбан кыздар үч медаль багындырышты. Алтын медалды Нурзат Нуртаева (82 кг) багындырса, Дилназ Сазанова (62 кг) күмүш, Бермет Нуридин кызы (59 кг) коло медалга татыды.

Нуртаеванын медалы экинчи ирет өтүп жаткан КМШ оюндарында Кыргызстан уткан жалгыз алтын байге болуп калды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)