Ош: Жол талашып мушташа кеткен айдоочулар менен жүргүнчүлөр кармалды

Ош шаарындагы Монуев жана Алымжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «МПА» май куюучу жайында жол талашып мушташкан айдоочулар менен жүргүнчүлөр кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 14-августта шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 13-августта таңкы саат 04:00 чамасында болгон. Анда эки айдоочу жол талашып мушташа кетип, аларга жүргүнчүлүлөрү болушкан.

Мушташка катышкан беш киши Ош шаарынын тургуну экени аныкталды. Окуянын катышуучулары Ак-Буура милиция бөлүмүнө жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин, 13-майда соцтүйүндө Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө кичи автобустун айдоочулары мушташып жатканы тартылган видео тараган. Кийин шаардык милиция окуянын чоо-жайын тактап жатканын маалымдаган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда эки адамды көптөп сабоого шектелген беш киши кармалды

Жалал-Абад: Супермаркеттин жанындагы массалык мушташтан кийин төрт адам кармалды