Сүрөт: Ысык-Көлдө Көк бөрү боюнча биринчи дүйнөлүк кубок башталды

Президент Садыр Жапаров 13-августта Ысык-Көлдөгү Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ат майданда Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы биринчи дүйнө кубогун ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди

Жапаров кубоктун ачылшында ата-бабалар улуттук оюндарды, улутту улут кылып сактап келаткан нарк-насилди аманат кылып калтырып кетишкенин белгиледи. Ошондой президент эле бул оюнду кеңири жайылтууга салым кошуп жаткандарга жана күйөрмандарга  ыраазычылык билдирди. 

«Улуттун саламаттыгы бүгүнкү күндө мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылык берилген багыты болуп саналат. Күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн өлкөбүздө ден соолугу чың, эрки бекем, мекенчил жаштарды тарбиялоо зарыл!» — деп белгиледи өлкө башчысы.



Көк бөрү боюнча дүйнөлүк кубокко алты өлкөнүн командасы катышып жатат: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Орусия. Мелдештин байге фонду 10 млн сомду түзөт. Таймаш 20-августка чейин уланат. 

Көк бөрү — кыргыз улуттук ат оюну. Эреже боюнча, оюнчулар улакты талашып, аны атаандаштарына тарттырып жибербей, каршы команданын тай казанына ташташы керек. 2017-жылы көк бөрү адамзаттын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген.