«Азаттык»: УКМК ЧВК Вагнердин катарында согушкан кыргызстандыкты кармады  

УКМК августтун башында Нарындын 27 жаштагы тургунун кармады, ал Орусиянын Украинага каршы согушунда ЧВК Вагнердин катарында согушкан. Бул тууралуу кармалган адамдын жубайы менен тааныштарына таянып «Азаттык» жазды. Алардын маалыматына ылайык, кыргызстандыкка карата «Жалдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Кармалган тургундун жубайынын айтымында, күйөөсү 2020-жылы Орусияга иштегени кетип, бирок бир жылдан кийин баңгизат менен кармалып, 10 жылга соттолгон. Ал эми 2022-жылдын аягында ЧВК Вагнердин* катарына тартылып, Украинага жөнөгөн. 

*Орусиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан борбор азиялыктар ЧВК Вагнердин катарына тартылып жатканы тууралуу маалыматтар ушул жылдын башында айтыла баштаган. ЖМКнын маалыматына ылайык, Украинада каза болгон кыргызстандыктардын жок эле дегенде 17си ЧВК Вагнер аркылуу согушка тартылган.  

Кармалган тургун ушул жылдын июлунда мекенине кайтып келип, түлөө өткөрүп, унаа сатып алган. 

Анын аялынын айтымында, 1-август күнү эртең менен алардын үйүнө УКМКнын кызматкерибиз деген адамдар келип, жолдошун кармап кетишкен. 

«Жолдошум “жалган жалаа” менен кармалып, соттолуп кетти. Орусиянын түрмөсү аябай жаман экенин дайым айтчу. Кийин аргасыздан “Вагнерге” кошулуп, Украинага кетти. Жолдошум өлүм менен өмүрдүн ортосунда калды. Июлдун башында “Вагнер” менен түзгөн келишими аяктап, мекенине эптеп келсе, эми мындай окуя болуп жатат», — дейт ал. 

Аялдын айтымында, күйөөсү согуштан келгенден кийин таксист болуп иштеш үчүн машина сатып алышкан, бирок УКМК аны кармап кеткенден кийин унаасы камакка коюлган. 

«Жолдошум "мекениме аман-эсен кайтып келдим, эми ушул машинем менен такси кызматын аркалап, үй-бүлөмдү багам" деп ойлоп жаткан. Ал Орусияда жүргөндө биз аябай кыйналдык. Кайнатам экинчи топтогу майып. Чернобыль согушунун ардагери. Жолдошум Кыргызстанда кармалгандан бери кайнатамдын ден соолугу начарлап кетти», — дейт кармалгандан тургундун аялы. 

Күйөөсү экөөнүн 4 жана 6 жаштагы эки баласы бар. Тургундун жакындары аны үй камагына чыгарууну суранып Нарын облустук сотуна кайрылышкан. Ал эми облсоттун басма сөз кызматы бул иш боюнча сот отуруму 28-августта өтөрүн билдирди. 

УКМКнын өзү ЧВК Вагнердин катарында согушкан кыргызстандыктын кармалганы боюнча комментарий бере элек.

Бул Украинага толук масштабдуу кол салууда Орусия тарапта согушуп, мекенинде жалдамчылыкка шектелип кармалган экинчи кыргызстандык.

2023-жылдын январында УКМК 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулун кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал кыргыз жарандыгына ээ болуп туруп, Украинанын аймагына барып, «аскердик топтордун катарында согуштук аракеттерге катышкан». 

Натыйжада Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек уулун жалдамчылыкка айыптап, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Ал соттолгондон кийин аны менен Орусиянын RT телеканалынын журналисттери байланышкан. Кубаныбек уулу журналисттерге курган маегинде Орусия бийлигинен жардам жана орус жарандыгын сураган. Орусия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова анын ведомствосу Кубаныбек уулуна жарандык берүү маселесин карап жатат деп жооп берген.  

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага ири масштабда кол салуусун баштаган. Алардын Украинанын аймагындагы аскердик аракеттери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

БУУнун 14-августка карата малыматына ылайык, Украинадагы согушта бери эле дегенде 9 444 жай тургун курман болду. Дагы 17 миңден ашык адам жарадар болгон. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилеп жатат. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.

Кыргызстандын атайын кызматы кыргыз жарандары чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылыштарга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бир нече жолу эскерткен. Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн.