Бир кадр менен: Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 15-августта иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти

Ариповду Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Абдулла Арипов жана Бакыт Төрөбаев. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

Өзбекстандык премьер-министр Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышат. Иш чара 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ошол эле учурда, жыйында эмне талкуулана турганын минкабдан айтышкан жок.  

Автор: Медина Шамшидинова